Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Өткөн жума күнү Түндүк Корея “балакеттүү үчилтикке” аны Вашингтон куру жерден кошпогонун тастыктагандай, Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимден чыкканын жарыя кылды. Пхеньяндын жарыясынан төрт күн өтпөй, учурдагы ядролук абалдын кепилдери - Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү кризисти болтурбаш үчүн дипломатиялык аракетин башташты.

Түндүк Кореянын 187 мамлекет бекиткен Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимден чыгуу жөнүндөгү жарыясы, учурдагы ядролук статус-квонун кепилдери болгон Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүн да аракетке келтирди (буга чейин Пхеньянды ядролук программасынан баш тартырууга Япония менен Түштүк Кореяга союздаш АКШ далбас уруп жаткан).
Россиянын коргоо министри Сергей Ивановдун сөзү менен айтканда:
“Ядролук куралдарды жайылтпоо келишиминен чыгуу - массалык кыргын салчу куралдарды контролдоонун буга чейин калыптанган эл аралык режимин бузат”. Мындай абалга кабатырланган Россия кризисти жөндөө максатында Пхеньянга мартабалуу элчисин жөнөтөт.
Кытай кризис боюнча АКШ-Түндүк Корея сүйлөшүүсүн Бээжинде өткөрүүнү сунуш кылса, Британия менен Франция абалдан чыгуунун жолун Лондонго атайын келген Мамлекеттик департаменттин чабарманы Жон Болтон менен талкуулашат.
Бир катар талдоочулардын пикиринче, Россия менен Кытайдын кризиске саалгый болсо да тартылганы өтө маанилүү. Себеби, ырасмий Пхеньян өз айтканынан кайтпай көшөрө берсе, Москва менен Бээжин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары вето укугун пайдаланууга чейин барышы ыктымал.
БУУнун баш катчысы Кофи Аннан таатал жагдайга карабай: “Түндүк Корея келишимден мурда-кийин чыккан биринчи өлкө жана ал өзүнүн эл аралык милдеттенмесин аткарып, мунасага кайра келет”,- деген үмүттө экенин шейшемби күнү билдирген.
Иран, Ливия сыяктуу келечекте ядролук куралга ээ болууга кудурети жетчү мамлекеттер: Түндүк Корея эл аралык келишимден зыян тартпай чыгып кеттиби же АКШга “колкосун салып жатып”, “эңгезердей энчисин алгандан” кийин, ядролук программасын токтотобу дешип, кырдаалды кылдат байкашууда.
БУУнун баш катчысынын атайын чабарманы Морис Стронг эскерткенге караганда, эки-үч айда Түндүк Кореяда катуу ачкачылык болушу күтүлүүдө. “Түндүк Кореяда март же апрель айында өтө катаал гумманитардык кризис болушу ыктымал жана каатчылыкты болтурбаш үчүн кандай жардам берүүнүн жолдорун Корея Элдик-Демократиялык Республикасындагы досторубуз менен кеңешип көрмөкчүбүз”,- деди Стронг 14-январь күнү Бээжинде токтоп.
Вашингтондогу Эл аралык экономикалык институттун аналитиги Маркус Ноланддын айтышынча, кырдаалга Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин кийлигишкени, Түндүк Корея жеке Вашингтонду кыжаалатка салбастан, дүйнөлүк проблемага айланганын көрсөтөт.
Бул жагдай, албетте, АКШнын тараза ташын оорлотот. Анткени, “американын сырткы саясатынын негизги принциптеринин бири - массалык жок кылуучу, айрыкча, ядролук куралдардын жайылышынын алдын алуу” дейт Брукинс институтунун эксперти Иво Далдер.
Ядролук куралдарды жайылтпоого байланыштуу түзүлгөн азыркы жагдай ылайсыз, жалаң таштан коюлган коргонду элестетет.
Бирок ядролук державалардын Түндүк Кореяны ооздуктоо аракети кокус оңунан чыкпаса, жарым кылымдан бери стратегиялык куралсыз жашап келген Япония ядролук каруу-жарактуу болгонго мажбур болоору күмөнсүз. Аны көргөн Бээжин да ядролук арсеналын көбөйтөм деп чыкса, аргасыздан Тайван да жарыша кураладана баштайт. Алардан калбай Кытайдын коркунучу өсүүдө деп, Индия озунса, анын эски жоосу Пакистан да жөн турбайт.
Ушундай жагдай президент Бушту Түндүк Корея менен сүйлөшүүгө барууга мажбур кылууда. “Адамдар бизден: “Түндүк Корея менен сүйлөшүүгө даярсыңарбы?” деп сурашат. Албетте, биз даярбыз. Бирок, бизди шантаждоого жол берилбейт”,- деп эскертти Жорж Буш шейшемби күнү.
Түндүк Кореянын жетекчилиги да ядролук кризиске жамынып, айрым талдоочулар боолгогондой, азык-түлүк маселесин жөндөөнү көздөбөйт деп ким кепил өтөт?
XS
SM
MD
LG