Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Орусия менен Сирия Ирак кризиси тууралуу позицияларын өз ара шайкеш келтирип турууга макулдашышты


МОСКВА. Бүгүн Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сириянын вице-президенти Абдель Халим Хаддам Жакынкы Чыгыштагы кризиске болгон позицияларын өз ара шайкеш келтирип турууга макулдашышты. Бүгүнкү жолугушуунун алдында орусиялык лидер эки өлкөнүн ортосундагы жолдоштук мамилелер Жакынкы Чыгышта түзүлгөн кырдаалда айрыкча мааниге ээ болгонун белгиледи. Владимир Путин Орусия менен Сириянын аскердик-техникалык тармактагы жана экономика жаатындагы алакаларын калыбына келтирүү зарыл экенин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG