Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

ЕВРОПА БИРИМДИГИНДЕГИ САЯСИЙ ӨЗГӨРҮҮЛӨР


Нарын АЙЫП 14-январь күнү Париж шаарында Франциянын президенти Жак Ширак менен Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер жолугуп, Европа Биримдигинин жетекчилигиндеги өзгөрүүлөр тууралуу макулдашты. Алардын сунушу боюнча, биримдикте эми кош жетекчилик болууга тийиш.

Декабрь айында Данияда болуп өткөн Биримдиктин бийик жолугушуусунда уюмга мүчө болуп кирүүгө он мамлекет жаңыдан чакырылды. Алардын Алмания же Улуу Британия сыяктуу Биримдикке күч кошкондон мурда, андан жардам алууну үмүттөнгөнү жашыруун эмес, ага жаңы мүчө-мамлекеттердин фермерлерине жардам көрсөтүү маселеси боюнча чыккан чатак эле далил.
Азыркы учурда Европа Биримдигинин негизги башкаруучу уюму - Брюссель шаарында жайгашкан Европа Комиссиясы. Аны мүчө-мамлекеттер дайындап, Европа Парламенти бекитет. Андан тышкары, Европа Биримдигинде төрагалык да ар бир алты ай сайын алмашылып турат. Дал ушул маселеден улам Биримдиктин башкаруучу уюмдарын реформалоо зарылдыгы пайда болууда. Азыр Биримдикке 15 мамлекет мүчө, ага келерки эки жылда дагы 10 өлкө кошулганда, төрагалык азыркыдай ар бир жети жылда эмес, 12 жылда гана алмашылып калат. Уюмдун күчтүү мамлекеттери катары Алмания, Франция, Улуу Британия жана Италия саналат, алар төрагалыкты 12 жыл күтүп калганда, Эстония же Кипр сыяктуу жаңы мүчөлөр өзгөчө чечим өткөрүп алышы мүмкүн. Мисал үчүн, өткөн жылы Биримдикте төрагалык кылуу мөөнөтү аяктаар алдында Дания жаңы мүчө-мамлекеттерге бир кыйла жеңилдик берип салган.
Франциянын президенти Жак Ширак менен Алманиянын канцлери Герхард Шрөдердин ортосунда 14-январда Париж шаарында жетишилген келишим боюнча, Европа Комиссиясын эми Европа Парламенти шайлаш керек жана комиссиянын президенти да дайындалат. Комиссия, мурдагыдай эле, Биримдиктин уюм катары өнүгүшү үчүн жооптуу болот. Экинчиден, Европа Биримдигинин Министирлер Кеңешинин төрагасы да шайланат, ал негизинен мүчө-мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоого тийиш.
Алмания менен Франциянын сунушу өтө тургандай. Анткени алар Биримдиктин негизги мүчөлөрүнүн бири. Кээ бир эксперттер, «мындай чечим кабыл алууга биз катышпай калдык» деп, ага Улуу Британия менен Италия каршы чыгышы мүмкүн деп ойлогон, бирок 15-январда Улуу Британия чечимди колдоду. Анткен менен, кээ бир эксперттер жаңы сунушту сынга алууда. Белгиялык серепчи Стефан Маартелдин айтымында, Биримдиктеги кош жетекчилик андагы ансыз деле аз эмес башаламандыкты ого бетер күчөтүшү мүмкүн: "Бул сунуштан хаос чыгышы ажеп эмес. Кайсы бир чечимдерди кабыл алуу ого бетер кыйындашы мүмкүн жана эки жаңы түзүлүштүн ортосунда дайым кандайдыр бир чыңалуу болот".
Чындап эле, Европа Биримдигиндеги азыркы тартип көпчүлүк мүчө-мамлекеттер тарабынан сынга алынууда, бирок Алмания менен Франциянын сунушу абалды жакшыртат деп айтуу да кыйын. Анткен менен, башка да эч кандай орчундуу сунуш азырынча жок. Мүчөлөрүнүн саны өтө көбөйүп кете электе Биримдик мурда жакшы өнүгүп келген, эми алардын саны 25ке жеткенде, өнүгүү ошо бойдон калаары күмөн. Европа Комиссиясынын 13-январда жасаган билдирүүсүнө караганда, 2010-жылга карай Европа Биримдиги дүйнөдөгү эң күчтүү экономикалык уюм катары өз биринчилигин жоготуп, алдыга Америка Кошмо Штаттары менен Жапанияны чыгарып жибериши мүмкүн.
Европа Биримдиги 1958-жылы түзүлгөн жана ал кезде Европанын Экономикалык Биримдиги деп аталчу. Аны Алмания, Белгия, Голландия, Италия, Люксембург жана Франция негиздеген. 1973-жылы уюмга Дания, Ирландия жана Улуу Британия, 1981-жылы Греция, 1986-жылы Испания менен Португалия, ал эми 1995-жылы Австрия, Финляндия жана Швеция кошулган. Өткөн декабр айында Европа Биримдигине мүчө болууга Кипр, Латвия, Литва, Мажарстан, Мальта, Польша, Словакия, Словения, Чехия жана Эстония чакырылды.
XS
SM
MD
LG