Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

· БУУнун курал-жарак инспекторлору бүгүн ирактыктардын менчик үйлөрүн текшеришти


БАГДАД. БУУнун курал-жарак инспекторлору бүгүн биринчи жолу ирактыктардын менчик үйлөрүн текшеришти. Үйлөрү тинтүүгө алынган эки окумуштуунун ысымдары Ирактын БУУга тапшырган курал-жарак декларациясында аталганы божомолдонот. Баары болуп декларацияда мурда курал программасына тартылган 500 кишинин ысымдарын аталган болчу.
Бүгүн Брюсселде курал инспекторлорунун башчысы, “эгерде Ирак согуштун алдын алгысы келсе, ал инспекторлор менен кызматташуусун өөрчүтүүгө тийиш” деп билдирген. Ал эми МАГАТЭнин башчысы Эл- Барадей Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жаатындагы көптөгөн суроолор башы ачык калып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG