Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

ТҮНДҮК КОРЕЯ ОЛУТТУУ ТЫНЧСЫЗДАНУУНУ ТУУДУРУУДА


Нарын АЙЫП Түндүк Кореянын жетекчилигинин жума күнкү жарыясынан кийин, эл аралык коомчулук бул өлкөнүн өзөктүк курал маселесин азырынча дипломатиялык жол менен чечүүгө аракеттенүүдө. Маселени 15-январда Лондон шаарында АКШнын, Улуу Британиянын жана Франциянын өкүлдөрү талкуулады. Америкалык мамлекеттик катчынын орун басары Жеймс Келли болсо Бээжинге келип, бул маселе боюнча Кытай жетекчилери менен сүйлөштү.

Түндүк Кореянын өкмөттүк маалымат кызматы 10-январда жасаган жарыяга караганда, өлкө өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимден чыгууда. Андай болгондо, Корей жарым аралына гана эмес, кошуна Жапания, Орусия, Кытай жана башка өлкөлөргө эбегейсиз коркунуч пайда болот. Анткени, кээ бир маалыматтар боюнча, Пхеньяндын өзөктүк бомбасы бар жана ал - АКШнын Аляскасы менен Индиянын борбору Делиге чейин жете ала турган ракеталарга да ээ.
Акыркы үч айда Бээжинге үчүнчү жолу келип, Түндүк Корея маселесин талкуулаган Жеймс Келли 16-январда журналисттер менен жолукканда, маселени тез чечүү мүмкүн эмес экендигин билдирди:
"Биз баарыбыз - Корей жарым аралы өзөктүк куралдан бош аймак болушу керек дегенге макулбуз. Кытайдын да, АКШнын дагы, Түштүк Кореянын, Жапаниянын, Орусиянын жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун да пикири ошондой. Бирок ал максатка биз туура жол менен баратканыбызга толук ишенгенче, бул жараян жай өнүгө тургандай".
Өзөктүк куралдарды жайылтпоо келишиминен чыга тургандыгын Түндүк Корея мындан тогуз жыл мурда, 1994-жылы да жарыялаган, бирок анда Америка Кошмо Штаттары Пхеньян менен узакка уланган сүйлөшүү жүргүзүп, өлкөнүн өзөктүк программаларын токтотуу тууралуу эки тараптуу келишим түзгөн. Ага компенсация иретинде, Түндүк Кореяга кошумча мунай берилмек жана дүйнө коомчулугу өлкөгө эки өзөктүк реактор куруп бермек. 2002-жылдын август айында Түндүк Кореяда ошондой биринчи реактор курула баштаган, бирок октябрь айында Пхеньян өзөктүк курал программасын кайрадан жандантканы жөнүндө жарыялады.
АКШнын чалгындоо кызматынын маалыматтарына караганда, Түндүк Корея өзүнүн биринчи өзөктүк бомбасын 1994-жылы өндүргөн. Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишим 60-жылдары түзүлүп, 1970-жылы бекитилген жана Түндүк Корея ага 1985-жылы кошулган. Келишимдин шарттары боюнча, өзөктүк курал 1967-жылдын 1-январына карата ага ээ болгон өлкөлөрдө гана болууга тийиш жана ал беш мамлекет - Америка Кошмо Штаттары, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция - эч бир башка өлкөгө бул багытта жардам бербеш керек. Азыркы учурда келишимге дүйнөнүн 187 мамлекети кошулган, бирок ага карабастан, акыркы жылдарда Израил, Индия, Пакистан жана Түштүк Африка өзөктүк бомба чыгарууга жетишти, ошондуктан, улам жаңы мамлекет кеңири кыруучу куралга ээ болгон сайын, өзөктүк согуш чыгуу коркунучу дагы күчөп, өзөктүк террорчулук менен өзөктүк опуза коркунучу да чыгууда. Пхеньяндын азыркы саясаты ошондой опузага өтө окшош.
Түндүк Кореянын дүң өндүрүшү 2001-жылы 3,7 пайызга өскөнү менен, өлкөнүн 22 миллион калкынын басымдуу көпчүлүгү жакырчылыкта жашайт. Анткени кирешенин баары аскерий өндүрүшкө жумшалат. "Ройтерс" маалымат агенттигинин жазганына караганда, аскеринин саны боюнча Түндүк Корея дүйнөдө бешинчи орунда турат жана аскерге дүң өндүрүшүнүн 31 пайызын коротот. Ошондуктан, 90-жылдардын башында өлкөдө орун алган эбегейсиз ачарчылыктан бир миллиондон ашык адам өлүп, 300 миң киши кошуна Кытайга үрккөн.
Өлкөдө азыр бир миллион 140 миң адам аскерий милдет өтөйт, дагы жети миллионго жакын киши резервист, коопсуздук кызматтарында иштеген 100 миң адамы менен болсо, Түндүк Корея дүйнөдө биринчи орунда. Бирок эң коркунучтуусу - дагы эле сталиндик саясат жүргүзгөн өлкө жетекчилиги опуза гана кылбастан, чындап эле өзөктүк согуш баштап жибериши да мүмкүн.
XS
SM
MD
LG