Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

HUMAN RIGHTS WATCH АКШны АЙЫПТАЙТ


Кошмо Штаттары дүйнөлүк антитеррордук кампаниянын жүрүшүндө адам укуктарын этибар албай, өз кадырын түшүрүүдө. Эл аралык укук коргоочу абройлуу Human Rights Watch уюмунун өкүлдөрү быйыл ушундай тыянакка келишти. Уюмдун кезектеги жылдык докладында адам укуктарынын дүйнөдөгү абалына былтыр антитеррордук кампаниянын олуттуу капшабы тийгени белгиленет.

Human Rigts Wathтун өкүлдөрүн аталган чөйрөдөгү абал дүйнөдө жыл өткөн сайын начарлап баратканы катуу тынчсыздандырат. Буга байланыштуу алар Бириккен Улуттар Уюмунун Женева комиссиясын реформалап чыгууну сунуш кылышты. ООНдун адам укуктары боюнча бу комиссиясына кийинки жылдарда эң репрессивдүү өлкөлөр да мүчө болгонго жетишти, айрымдары эми, атап айтканда, Ливия ага төрагалык кылганга дымактана баштады. Мындай шартта дүйнөдөгү адам укуктары,Human Rigts Wathтун ишениминде, өңчөй диктаторлордун барымтасында калат.
Ушул жүйөөдөн алганда террористтерге каршы жүрүп жаткан глобалдык кампанияда Пакистан, Сауд Аравиясы жана Израиль өңдүү антидемократиялык өлкөлөрдү Кошмо Штаттары өзүнө жакын союздаш кылып алганы Human Rights Watchту өзгөчө өкүттө калтырды. Эгер Вашингтон администрациясы дүйнөлүк диктаторлордун тарапкерлери болгонго умтулса, анын стратегиясы тетири натыйжаларга алып келет жана түпкүлүгүндө террорчулардын позициясын гана бекемдеп берет, деп эскертти уюмдун башчысы Кеннет Рот. Human Rights Watch мындан тышкары Кошмо Штаттарынын өздөрү да адам укуктарын буза баштады деп эсептейт. Мунун таныгы катары документте Гуантанамодогу лагерде кармалып жаткан аскер туткундары аталган. Ооганстандагы аскери операциялардан бери бир жылдай убакыт өттү, бирок туткундарга дале болсо ырасмий түрдө айыптар коюла элек. Human Rights Watchтун баасында,Вашингтон администрациясы адам укуктарын таңазар албай, муну менен кыйыр түрдө террорчулардын аңытын колдоп жатат.
Ошентсе да уюмдун башчысы Кеннет Рот Кошмо Штаттарын, арийне, адам укуктарын ашкере бузуп жаткан өлкө деп атаганга болбой тургандыгын кошумчалады. Бирок Кошмо Штаттардын дүйнөдөгү таасир-таалими өзгөчө чоң болгондуктан, Вашингтон
антитеррордук кампаниянын жүрүшүндө Кытайдагы,Өзбекстандагы жана башка региондордогу ылгый диктаторлук режимдер менен мунасалашып, аталган өлкөлөрдө адам укуктарын одоно түрдө басмырлап жаткан фактыларды көрмөксөнгө салып коюшу мүмкүн деп чочулайт. Мунун өзү, Кеннет Роттун айтымында, дүйнөдө өтө кооптуу өнөгө түзмөк.
АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер укук коргоочулардын мындай айыптарын четке какты. Демократия Вашингтондун ички-тышкы саясатындагы башкы айныгыс багыт бойдон каларын бышыктап, Баучер экономикалык жана саясий эркиндиктерге кеңири жол берилген коомдо гана терроризмге каршы ийгиликтүү күрөшкөнгө боло тургандыгын белгиледи.
Уюмдун докладында Чеченстандагы согуш Европа континентиндеги эң олуттуу кризис деп бааланган. Документте орус аскерлеринин жергиликтүү келин-кыздарга зобун-зордук кылып,зөөкүрлүк жасаганын, карапайым адамдарды мыкаачылык ыкмалар менен кызылдай кыйноого салып, мазактаган учурларын ырастаган узун сабак фактылар келтирилген. Россиядагы реформалардын бардык позитивдүү натыйжаларына чечен жериндеги аскери кылмыштардын көлкөсүндө калып,алардын мааниси көөнөрө түшүүдө,деп айтылат документте.Чечен маселесинде Россияга таасир көрсөтө албай жатканы үчүн Human Rights Watch Батыштын бир катар өлкөлөрүн сынга алынган. Өзгөчө Евросоюз, Human Rights Watchтун баасында, өзүнүн аброю менен финансылык рычагдарына карабастан көп региондогу иштерге таасир көрсөтүүдө чабалдык кылып жатат. Чеченстанбы, Борборазиябы,Кытайбы же Африкабы,айтор, адам укуктарынын абалын жакшыртуу жагынан Евросоюз чечкиндүү кадамдарды жасай алган жок,тийиштүү чараларды көрө албады, деп айтты Human Rights Watchтун Вашингтондогу кеңсесинин башчысы Том Малиновски.
XS
SM
MD
LG