Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Конституциянын жаңы редакциясына каршы чыккан партиялар менен коомдук уюмдар штаб түзүштү жана референдумга көзөмөл жүргүзүүнү чечишти


Бул тууралуу жума күнү Бишкекте өткөн жыйында жарыяланды. Ага катышкандар 2-февралдагы референдумга көзөмөлдүк кылуу боюнча штаб түзүштү. Штабдын жетекчилигине депутат Өмүрбек Текебаев, анын орун басарлыгына «Арнамыс» партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиев жана саясатчы Жыпар Жекшеев шайланышты. Өмүрбек Текебаев референдумга каршылыгын билдирип жаткандардын күч-аракеттерин жалпы республикалык масштабда бириктирүүнү штабдын башкы милдети деп атады. Штабдын өкүлдөрү мындан тышкары жер-жерлерде референдумдун мыйзамдуу өтүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга көзөмөл жүргүзүшөт.
Штаб мүчөлөрү жалпы кыргыз элине, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна, адам укугун коргоо боюнча эл аралык уюмдарга кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда Конституциянын жаңы редакциясы адам укуктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, Аскар Акаевдин жеке бийлигин чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленет жана жалпы кыргыз элине референдумда коюлган суроолорго каршы добуш берүүгө үндөгөн чакырык айтылат. Кайрылууга 11 саясий партиянын, 8 бейөкмөт уюмдун, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициянын өкүлдөрү, Мыйзам чыгаруу жыйынынын 5 депутаты кол койгон.

XS
SM
MD
LG