Дүйнөлүк банктын вице-президенти Йоханнес Линн 17-январда Түркияга келип, каржы министри Кемал Унакитан менен өлкөнүн экономикалык абалын талкуулады. Акыркы жылдарда Түркия терең экономикалык кризиске батты жана Дүйнөлүк банк ага кошумча насыя берүү маселелерин караштырууда. Бирок 16-январда Анкарага келип кеткен Эл аралык валюта корунун башчысынын орун басары Анне Крюгердин айтымында, Түркиянын жаңы өкмөтү чечкиндүү экономикалык чара көрмөйүнчө, кор ага жаңы насыя бербейт.