Израил өкмөтүнүн айтымында, 17-январда эртең менен Йордан дарыясынын батыш жээгинде тогуз палестин камакка алынды, анткени алар жөөттөргө каршы чабуул даярдап жатышкан. Ушул эле күнү Газа тилкесинин жээгинде Израилдин коопсуздук кызматкерлери - ири өлчөмдөгү жардыруучу зат жүктөлгөн салды да жардырышты. Салдын үстүндө эч адам болгон эмес, бирок исламчыл аскерий "Хамас" уюмунун айтымында, сал ага таандык болчу.