Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Маскөөдө Орусия менен Армениянын президенттери жолукту


17-январда Маскөөдө Орусия менен Армения президенттери Владимир Путин жана Роберт Кочарян - Тоолуу Карабак маселесин тынчтык жолу менен гана чечүү керек деген биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Президенттер эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелерин да талкуулады. Орус маалыматтары боюнча, өткөн жылдын 11 айында Армения менен Орусия ортосундагы сооданын көлөмү 128 миллион долларга жеткен жана ал мурдагы жылга караганда 14 пайызга көп. Путиндин айтымында болсо, соода көлөмүн дагы 10 пайызга жогорулатуу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG