Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

Маскөөнүн пикири боюнча, Түндүк Корея маселесин сүйлөшүү аркылуу чечүү мүмкүн


Маскөөнүн айтымында, Түндүк Кореянын өзөктүк курал маселесин тынчтык жолу менен чечүү мүмкүн. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков 17-январда Кытайга келди жана андан соң Түндүк Кореяга барат. Бээжинде ал Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ян Веңчаң менен жолугуп, маселе негизинен Вошингтон менен Пхеньян ортосундагы чатак менен гана байланыштуу деп билдирди. Эл аралык келишимдерди бузуп, Пхеньян өткөн жылдын октябр айында өзүнүн өзөктүк программаларын кайрадан жанданткан, өткөн аптада болсо - өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимден чыга турганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG