17 январда Багдад шаарында Ирак менен Орусия ортосунда мунай келишимине кол коюлду. Ирактын мунай министринин орун басары Хусейн Сулайман аль-Хадитинин айтымында, ал келишим боюнча, Орусиянын "Стройтрансгаз" компаниясы Ирактын түштүк-батышындагы мунай кендерин иштетет. Декабрь айында болсо Ирак - "Вест Курна" кенин иштетип келген Орусиянын "Лукойл" компаниясы менен болгон келишимди үзүп салган.