Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

БАГДАД – ДИПЛОМАТТАРДЫН, ВАШИНГТОН – ПАЦИФИСТТЕРДИН КЫСЫМЫНДА КАЛДЫ


Эсенбай НУРУШЕВ,Прага. Иракка каршы болжолдонуп жаткан аскерий операция дүйнөдө нааразылык акцияларын пайда кыла баштады.Мындай массалык демонстрациялар ишемби күнү Японияда болуп өттү. Нааразылык манифестациялары дагы он сегизге чукул өлкөдө, анын ичинде Кошмо Штаттарынын өзүндө да болгону жатат.Бул учурда Европадагы бир катар өкмөттөр Ирактагы эл аралык инспекциянын мөөнөтүн узартууну сунуш кылып жатышат. Жекшемби күнү Багдадда инспекциянын башчысы Ханс Бликс Ирактын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Инспекциянын башчысы Ханс Бликс менен МАГАТЭнин директору Мохаммад аль-Барадей жума күнү Лондондо британ премьери Тони Блэр менен жолугуп,Ирактагы инспекциянын жүрүшүн талкуулашты. Блэр инспекторлордун ишине колдоо билдирип, Саддам Хусейн азыркы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,толук куралсызданууга тийиш деп белгиледи. Ага удаалаш Вашингтондо кезектеги пресс-конференция маалында Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер да Саддамдын атына ушундай эле маанидеги эскертүү жасады. Саддам Хусейн көңүлүнө бекем түйүп алышы керек, деп айтты Флейшер, Кошмо Штаттары, жалпы дүйнө андан куралсызданууну талап кылып жатат жана Саддам бул талапты токтоосуз аткарууга тийиш. Жума күнү Иракта табылган 11 бош дүрмөттү Флейшер өтө олуттуу жана дүмөктүү факты деп атады. Вашингтон администрациясы Ирактын катылган куралдары бар экенин бышыктаган тандырбас таныктар январдын этегине барып табыла тургандыгынан шектенбейт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин немец гезиттеринин биринде жарыяланган интервьюсунда айтылды. Маалы келгенде Кошмо Штаттары өз колундагы айныксыз таныктарды басма сөздө жарыялайт, деп билдирди америкалык башкы дипломат. Ошондо президент Бушка Иракта Саддам Хусейндин режимине каршы аскери операция баштаганга ООНдун коопсуздук кеңешинин кошумча санкциясынын кажети жоктугу баарыга дайын болот.
Европалык бир катар өлкөлөр, алардын ичинде Франция, Италия, Греция Иракка каршы пландалып жаткан аскерий операциялардан азырынча кармана туруп, проблеманы
дипломатиялык ыкмалар менен чечкенге аракет кылууну, эл аралык инспекторлорго бардык ишти машагына жеткирүү үчүн кошумча убакыт берүүнү жактап чыгышты. Түркия болсо Иракка куралдуу дүрбөөн жасалса,америкалыктарга чектелген түрдө гана көмөк көрсөтөрүн, аларга өзүнүн аскерий структураларын утурумдук арендага бербей тургандыгын ырастады.Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр Мюнхендеги телеканалдардын биринде сүйлөгөн сөзүндө Саддам Хусейнге эмиграцияга кетүүнү сунуш кылды.Мындай болгондо, канцлердин ишениминде, көп иш өзүнөн өзү жөнгө келмек, башкысы - ирак калкы согуштун дүмөгүнөн кутулмак.
Дипломатиялык активдүүлүктүн артынан согушка каршы турган кыймылдар да дүйнөдө аарынын уюгундай козголо баштады. Пацифисттердин массалык демонстрациялары ишембиде күн чыгыштан – Япониядан башталды. Бүткүл өлкө боюнча миңдеген адамдар манифестацияга чыгышып, Иракка каршы болжолдонуп жаткан согушка нааразылык билдиришти. Мындай акциялар дүйнөнүн 18ден ашуун өлкөсүндө белгиленип жатат. Алардын ичинде Британияда,Испанияда,Германияда,Канадада,Аргентинада,Египет менен Пакистанда манифестацияларга он миңдеген адамдар катышмакчы. Америкалык өкмөттүн Ирактагы аскери пландарына каршы демонстрациялар Кошмо Штаттардын өзүндө да болгону жатат. Нааразылык акциясына президент Жонсондун администрациясында юстиция министри болуп иштеген Рэмси Кларк башкы демилгечи болду. Манифестация Вашингтондун өзүндө башталат, андан соң дагы бир нече шаардын,айрыкча Сан-Францисконун активисттери акцияга чыгышат. Буга байланыштуу Вашингтондо полиция күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү.
Ирак жаңжалында,ошентип,жаңы көрүнүш пайда болду: Вашингтон - дүйнөлүк пацифисттердин,ал эми Багдад – эл аралык дипломаттардын активдүү кысымына алына баштады.

XS
SM
MD
LG