Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

ТҮНДҮК КОРЕЯ КРИЗИСИН ЭЛЧИЛЕР ЖӨНДӨЙ АЛАБЫ?


Түндүк Кореянын тегерегиндеги кризисти жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттер активдешүүдө. Ишембиде Австралиялык элчи Пхеньяндагы 3 күндүк сапарын жыйынтыктап жолго чыкса, ушул эле күнү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков Түндүк Кореяга учуп барды. Бириккен улуттар уюму Түндүк Кореяда миллиондогон адамдар ачарчылыктын азабын тарта баштаганын билдирди.

Эл аралык коомчулук Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасынын тегерегиндеги кризисти чечүүгө активдүү кирише баштады. Ишембиде Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков Пхеньянга барды. Москвадан жөнөп кетээр алдында, журналисттерге ал азыркы учурдун башкы максаты – Кошмо Штаттар менен Түндүк Кореяны сүйлөшүүлөр баштоого көндүрүү экенин белгиледи. Орусиялык маалымат каражаттары Лосюков Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир менен жолугушу мүмкүн экенин жазышууда.
Вашингтон менен Пхеньян соңку күндөрү бири-бири менен сүйлөшүүдөн качпаарын кыйыта башташты, бирок азырынча алар элдешүү жолунда баратканы эч байкалбайт.
Түндүк Кореянын коммунисттик лидери Ким Чен Ир өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрүн душмандын ыктымал чабуулуна каршы мыкты даярдыкта турган үчүн көкөлөтө мактаганын жума күнү Пхеньяндык маалымат каражаттары кабарлашты. Ошол эле күнү Германиялык "Зютдойче Зайтунг" гезитинде жарыяланган маегинде Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл: "Биз Түндүк Корея кризисин күчөтүүнү, аны менен согушууну каалабайбыз", - деп белгилейт.

АКШ президенти Жорж Буш Вашингтондо өз кеңешчилери менен Пхеньян өзөктүк куралдар программасынан баш тартса, Түндүк Кореяга көрсөтүлчү азык-түлүк жана энергетикалык жардам маселесин талкуулаганы кабарланууда. Белгилүү болгондой, Кошмо Штаттар коммунисттик Кореяга жардам көрсөтүүнү убактылуу токтоткон. Вашингтон баштагыдай эле сүйлөшүүлөрдө бир гана Түндүк Кореянын кеңири кыруучу куралдар программасы талданышы керектигин, анда Пхеньяндын эч кандай талап-шарттарын кабыл албаарын эскертсе, Түндүк Корея жетекчилиги эки тараптуу диалог эч кандай шарттарсыз башталышын талап кылууда.

Пхеньяндык Борбордук жаңылыктар агенттиги жума күнү "Корея Элдик Демократиялык республикасы экөөнө тең – диалогго жана андай болбой калса, куралдуу касташууга да даяр"
, - деп билдирди. Сеулдук арачылардын айтымында, Пхеньян биринчи кезекте АКШ Түндүк Кореянын бейпилдиги менен коопсуздугун бекем кепилдеп беришин көздөйт.

Антип, Вашингтон менен Пхеньян сүйлөшүүлөр баштоого көнбөй жаткан чакта, Түндүк Кореяда 8 миллиондой адам тамак-аш тартыштыгынан азап тарта баштады. Бул тууралуу Түндүк Кореяда 3 күн болуп, ишембиде кайра тарткан Бириккен улуттар уюмунун башкатчысынын чабарманы Морис Стронг билдирди. "Эл аралык коомчулук бул өлкөгө жетиштүү көңүл бурбай атат, Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына байланыштуу саясий кризисти гуманитардык кризиске аралаштырбай, өзүнчө кароо зарыл. Түндүк Кореядагы миллиондогон кары-картаңдар, жаш балдар жана оорулуу адамдарды саясий араздашуунун курмандыгына айландырбаш керек", - деп белгиледи БУУнун өкүлү. Морис Стронгдун айтымында, Түндүк Кореянын жетекчилери ага өзөктүк курал даярдоо ниети жок экенин жана эл аралык инспекторлорду өлкөгө кайра киргизүүгө даяр экенин билдиришкен. Бирок, Кошмо Штаттар тарабынан Пхеньянга карата өтө олуттуу коркунуч бар экенин кошумчалашкан.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG