Линктер

жума, 20-январь, 2017 Бишкек убактысы 18:30

Түрк аскерлери 12 күрд козголоңчусун жок кылды.


Түркиянын аскерий жетекчилигинин айтымында, өлкөнүн чыгыш-түштүгүндөгү Дьярбакир аймагында 17-январда өкмөттүк аскерлер менен күрд козголоңчулары ортосунда кагылышуу болуп, 12 күрд жоокери өлтүрүлдү. Козголоңчулар аскерий күзөтчүлөргө биринчи кол салып, бир аскерди өлтүрүп, дагы бешөөнү жарадар кылган. Түркиянын күрддөрү 15 жылдан бери эгемендик үчүн куралдуу күрөш жүргүзүүдө жана бардыгы болуп ал күрөштөн 36 миңге жакын адам курман болду. Бирок акыркы үч айда күрддөр менен куралдуу кагылышуу болгон эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG