Ооган өкмөтүнүн жетекчиси Хамид Карзайдын жардамчысы Саед Фази Акбар 18-январда жасаган билдирүүгө караганда, Карзайды азыр кайтарган америкалык аскерлерди бир жылдын ичинде ооган аскерлери алмаштырат. Ан үчүн америкалык адистер азыр 150-дөй ооган аскерин машыктыра баштады. 2001-жылдын күзүндө Ооганстанда талиб бийлиги кулатылгандан кийин, өлкөнүн жетекчилерин америкалык атайын жоокерлер кайтарып келген.