Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Пхеньянга келди.


Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков 18-январда Кытайдан Түндүк Кореяга келди. Пхеньяндын аба майданында Лосюковдун жасаган билдирүүсүнө караганда, анын максаты - Америка Кошмо Штаттары менен Түндүк Кореянын өкүлдөрүн сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу. Өткөн октябр айында Түндүк Корея - сегиз жылдан бери жабылып жаткан өзөктүк ишканаларын кайрадан иштете баштаган, өткөн аптада болсо, өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимден чыгаарын жарыялады. Пхеньян менен мамилеси жакшы Бээжин жана Маскөөгө Түштүк Корея, Жапания жана Америка Кошмо Штаттары басым жасап, Түндүк Кореяны опурталдуу жолдон баш тарттырууну суранууда.

XS
SM
MD
LG