Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:09

Эл аралык инспекторлор Ирактагы текшерүү иштерин аяктай элек.


АКШ өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ари Флейшердин айтымында, 16-январда Иракта химиялык дүрмөттөр табылганынан өтө орчундуу маселе чыгууда: "Он эки химиялык дүрмөттүн табылганы - Саддам Хусейн куралсыздана электигин далилдейт. Куралы жок экендигин далилдөөнү дүйнө талап кылганда Саддам - анда курал жок экендигин айткан. Ирактын аскерий декларациясында дагы бул дүрмөттөр тууралуу эч нерсе деп айтылган эмес", - дейт Флейшер. Эл аралык инспекторлордун башчысы Ханс Бликстин айтымында болсо, табылган дүрмөттөр өтө дел чоң далил эмес жана текшерүүчүлөр өз ишин бүтүрүш үчүн, дагы убакыт керек. Ирак жетекчилеринин айтымында, табылган бош дүрмөттөр - жөн гана эски артиллериялык ракеталардын калдыктары.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG