Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Келерки аптада Кыргызстанга Орусия генералы келет


Орусиянын аскер-аба күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары,генерал-лейтенант Анатолий Ноговициндин эмдиги аптада болжолдонуп жаткан иш сапары учурунда Кыргызстандын аскерий жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Канттагы аскер базасына россиялык контингентти жайгаштыруу үчүн камылгаларды көрүү сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы болмокчу. Бул тууралуу ишембиде коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Коллективдүү коопсуздук келишиминин алкагында Канттагы авиабазага аскерий-аба күчтөрүн жайгаштыруу маселесин былтыр 4-декабрда Бишкекте Орусиянын жана Кыргызстандын коргоо министрлери Сергей Иванов менен Эсен Топоев талкуулашкан. Айрым маалыматтар боюнча, Орусиянын аскер-аба күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргызстанга туруктуу жайгаштыруу иши май айынанда башталышы ыктымал.Бул маселени Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекет башчылары апрель-май айларынын ортосунда боло турган жолугушууда биротоло чечишет. Келишимде азыр Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Армения мүчө .

XS
SM
MD
LG