Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Жалалабад областтынын бийликтери референдумга даярдык көрүү маселесин талкуулады


Областтык мекеме,уюмдардын жетекчилери катышкан кеңешмеде губернатор Жусупбек Шарипов референдум тагдырын саналуу депутаттар эмес,шайлоочулар чечерин айтты жана жетекчилер корпусун өздөрү бөлүнгөн аймактарында элге мыйзам долбоорун кеңири түшүндүрүүгө милдеттендирди. Губернатор ошондой эле жаңы редакцияда депутаттарга кол тийбестик укук берилишине каршы экендигин билдирди. Шарипов мындан тышкары областтык мекеме-ишкана жетекчилерин калкка пенсия,пособиени толук төлөөгө, газ, суу, электр жарыгы, жылуулук жагынан нааразылыктардын чыгышына жол койбоого чакырды. Областка Конституциянын жаңы редакциясы жарыяланган 2 миң нуска газета, 73 миң даана китепче келген. Долбоорду ар бир үйгө жеткирүү үчүн губернатор облгезиттерди көбөйтүп чыгарууну сунуш кылды.Өткөн жылдын жыйынтыгына референдум өткөндөн кийин баа берилет,деп айтты Шарипов.

XS
SM
MD
LG