Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Таласта референдум боюнча областтык штабдын кезектеги кеңешмеси өткөрүлдү.


Штабдын жетекчиси,областтык администрация башчысынын биринчи орун басары Анарбек Абдышүкүровдүн сунушу менен штабдын мүчөлүгүнө областтык дагы эки жетекчи кошулду. Алардын жалпы саны эми 22 адамга жетти. Штаб мүчөлөрү өздөрү бөлүнгөн аймактарда, айыл-кыштактарда референдумга даярдык көрүү иштери кандайча жүрүп жатканы туурасында отчет беришти. Кеңешмеде референдум өткөрүүнү кийинки мөөнөткө калтыруу жөнүндөгү оппозициялык күчтөрдүн талабы Талас областындагы шайлоочулардын айрым катмарларында да колдоо таап жаткандыгы белгиленди.Мындай маанай айрыкча парламенттик шайлоодо Феликс Куловду колдогон Карабуура аймагындагы жашоочуларда көбүрөөк байкалууда. Кеңешмеде аталган районго бекитилген жетекчилер эл менен активдүү иштеши керек деген талап коюлду.Жетекчилер эки күн бою өздөрүнүн участокторунда болушат,эл арасында үгүт-үйүт иштерин жүргүзүшөт жана абалды дүйшөмбү күнкү штаб жыйынында маалымдашат.

XS
SM
MD
LG