Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

ТҮРКМӨНСТАНДЫК ӨЗБЕКТЕР ТҮПКҮ МЕКЕНИНЕН АЛЫС ЖАКТАРГА КӨЧҮРҮЛӨТ


Түркмөн президенти С. Ниязов Өзбекстандын чек арасына жакын аймактарда жашаган Түркмөнстандык өзбектерди башка жактарга көчүрүүгө көрсөтмө берди. Ташкен менен Ашгабаттын ортосундагы мамилелер кескин начарлап, түркмөн-өзбек чек арасында кырдаал чыңалуу бойдон. Эми ага кошумча Ашгабат жергиликтүү өзбектерди «татыксыз жарандар» катары кысмактай баштады.

Түркмөн президенти С.Ниязов ушул айдын башында өкмөттүн жыйынын өткөрүп жатып, түркмөн-өзбек чек арасына жакын жашаган өзбек улутундагы адамдарды «татыксыз» жарандар катары башка жактарга көчүрүүгө көрсөтмө берди. Өзбектер байыртадан байырлаган аймакка келечекте түркмөндөр жайгаштырылмакчы.
Ашгабаттын бул чечими ансыз да начарлап кеткен Түркмөнстан менен Өзбекстандын мамилесин ого бетер бузаары шексиз. Тымызын тирешүүнүн тарыхына кайрылсак, 25-ноябрда түркмөн президентинин өмүрүнө кол салуу аракети жасалгандан кийин, ал окуядан көп узабай Түркмөнстандын коопсуздук кызматтары Ашгабаттагы өзбек элчилигине кирип барып, тинтип-текшерип кетишет. Ага удаа түркмөн бийлиги «президент Ниязовдун өмүрүнө кол көтөргөндөргө Өзбекстандын элчиси Абдурашид Кадыров колдоо көрсөтүптүр» деп элчини өлкөдөн кууп чыккан. Кийинчерээк, кол салуунун башкы уюштуруучусу катары Түркмөнстандын мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов колго түшкөн соң, Ниязов өзү «Шихмурадов 25-ноябрдан бери Ашгабаттагы өзбек элчилигинде жашырынып отуруптур» деп билдирген. Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги бул окуялардан соң Ашгабатка нааразылык нотасын тапшырып, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара кошумча аскерий күчтөр менен бекемделген.
«Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда жакында эле Түркмөнстандагы туугандарына барып келген өзбек аял түркмөн чек арачылары анын документтерин далайга текшерип, беймаза кылганын маалымдайт.
- Түркмөнстанда жашаган өзбектерге өтө ишеничсиз, татыксыз адамдар катары мамиле кылынууда. Паспортунда «өзбек жараны», же «улуту өзбек» деген жазуусу барларды өзүнчө бөлүп алып, Түркмөнстандагы туугандарына кездештирбегенге аракет кылышат, - дейт чек аранын ары жагындагы туугандарынын коопсуздугунан чочулап, атын атоодон баш тарткан өзбекстандык аял. Өткөн жылдын аягында Түркмөнстандагы туугандарына коноктоп барып келген дагы бир өзбек аял ошондо эле жергиликтүү өзбек жетекчилерди түркмөндөргө алмаштыруу аракети башталганынан кабардар болуп кайтканын айтат.
Айтор, өткөн аптада Ашгабаттагы жыйында президент Ниязов өкмөттөн тез арада Өзбекстандын чек арасына тушташ 3 райондо жашаган өзбектерди Казакстан менен чектеш, өлкөнүн түндүк-батыш тарабына көчүрүүнү талап кылды. «Ишеничти актабаган адамдарга биз мойнундагы күнөөсүнөн арылууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берип атабыз», - деп белгиледи түркмөн президенти. Казакстан менен чектеш чөлкөм – климаты катаал, чоң шаарлар жокко эсе, айыл-кыштактары чачыранды, бири-биринен алыс жайгашкан аймак. Ал жактарга күчкө салынып айдалса, түркмөнстандык өзбектердин жер которууга жана жаңы үй курууга кеткен чыгымдары өкмөт тарабынан төлөнөөр-төлөнбөсү белгисиз. Түркмөн президенти өзбектерди көчүрүү тууралуу тапшырма берип жатып, алар ары жакка ооп качып кетпесин дегенсип, Түркмөнстандын чек арасын бузган адамдар 5 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө кесилээрин эскерте кетти.
Москвадагы «Мемориал» укук коргоо борбору кабарлагандай, түркмөнстандык өзбектер кечээ жакындан тартып эле куугунтукка кабылып отурган жок. Мисалы, чектеш аймактарда жашаган өзбектердин балдары мектепке түркмөндөрдүн улуттук кийимин кийип барууга милдеттендирилген учурлар аз эмес. Ал эми андай чаралардын эң соңкусу катары укук коргоочулар, өткөн аптада Түркмөнстандын таанымал муфтийи, улуту боюнча өзбек Насрулла ибн Ибадулланын кызматынан алынганына көңүл бурушат. Түркмөнстандык мусулмандардын жаңы лидери, же муфтийи болуп 35 жаштагы түркмөн Какагелды Вепаев дайындалды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG