Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

ЭЛ-БАРАДЕЙИ ИРАКТЫН МАССАЛЫК КЫРГЫН САЛЧУ КУРАЛДАРЫ БАР ЭКЕНИНЕН КҮМӨН САНАБАЙТ


Бириккен улуттар уюмунун өзөктүк курал-жаракты контролдоо агенттигинин директору Мохаммад эл-Барадейи ирактык илимпоздун үйүнөн табылган документтер Ирак 1980-жылдардын акыр ченинде байытылган уранды жаңы технологиянын негизинде алууга аракет жасаганын тастыктайт деп ишемби күнү билдирди. Окумуштуунун сөзүнө караганда, ал уранды байытуу программасы боюнча иштебей калган жана илимий документтерди студенттерге тааныштыруу үчүн гана алган.

Аптанын бейшемби күнү Бириккен улуттар уюмунун каруу-жарак инспекторлору күтүүсүз текшерүү маалында Фалех Хасандын үйүнөн Ирактын уранды байытуу программасына тиешелүү 3 миң барактык документти табуусу, Иракта массалык кыргын салчу куралдары бар деген шектенүүнү кайра күчөттү.
Ал-Рази аскерий ишканасынын директору Хасан ишемби күнү куптан чукул өткөн пресс- конференцияда Ирак 1988-жылы эле уранды байытуу программасын токтотконун, ал өзү ошондон бери бул долбоор боюнча иштебегенин билдирди.
Хасан илимий документтерди студенттерге тааныштыруу үчүн алганын айтып, “ Мен мырза эл-Барадейи менен документти баштан аяк бир сап калтырбай окуп чыгууга жана андагы маалыматтар 1991-жылкы билдирүүдө толук көрсөтүлгөнүн далилдөөгө даярмын”, - деди.
Бирок, эл-Барадейи, ишемби күнү Венадан Кипрге учканы жатып, ирактык илимпоздун үйүнөн табылган документтер Ирак өткөн айда БУУга жөнөткөн 12 миң беттик билдирүүгө киргизилгенби деген шегин айтты:

- Ирак жетекчилиги... өзүнүн актыгын далилдөө үчүн бардык маалыматтарды билдириши шарт. Биз ок атчу куралды таппадык деп айтып жатканыбыз менен, анын табылып калышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайбыз. Себеби, куралдын жок экенин ырастаган бардык далилдер бизде жок. Бул бизди канаатандырбайт.

БУУнун каруу-жарак инспекциясынын башчысы Ханс Бликс да ишемби күнү Кипрде “Ирак массалык кыргын салчу куралдарын жок кулганына биротоло ишенмейинче, эксперттер БУУнун Коопсуздук кеңешине докладдын жибербейт”,- деп маалымдап, абалга мындайча баа берди:

- Биз кырдаал өтө татаал экенине көңүл бургубуз келет. Буерде маалыматты ылдам алууга болот, Каалаган жайга токтоосуз кирүүгө мүмкүн. Бул өтө жакшы. Бирок, жалпы жонунан алганда, кызматташуу канааттандырарлык болбой жатат. Бизге чыныгы кызматташуу керек.

Эл-Барадейи менен Бликс жекшемби күнү Багдадда болушуп, АКШ башындагы күчтөрдүн чабуулун болтурбоо үчүн Иракты аскерий инспекция менен ачык-айкын кызматташууга үгүттөшмөкчү.
Иракка каршы күтүлүп жаткан согуштун коркунучу ишемби күнү Жапонияда, Пакистанда, Мисирде, Сирияда жана Европа өлкөлөрүндө миңдеген адамдарды көчөлөргө чыгарды.
Кошмо Штаттардын өзүндө да 100 миңден көп адам катышкан согушка каршы маанайдагы демонстрациялар өттү.
Америкалык актер айым Жессика Ланг Вашингтондо өткөн жыйында өкмөттү сынга алды:

- Ак Үй администрациясы жаңылыш жолду тандады жана биз ага каршыбыз. Алар ыймансыз согушту пландап жатышат жана биз мындай учурда үн-сөзсүз туруп кала албайбыз.

Уюштуруучулардын айтышынча, АКШ аскерлеринин улам жаңы бөлүктөрүн Перс булуңуна жайгаштыруу жана БУУнун аскерий эксперттеринин 27-январда Коопсуздук кеңешине тапшырылчу доклады Иракка каршы согуш ачууга шылтоо болуп берет деген имиш-имиш кептер тынчтык кыймылынын күч алуусуна өбөлгө болгон.
Нааразылык акцияларына карабастан, президент Жорж Буш Ирак толук куралсыздансын, болбосо ал согушка кириптер болот деген пикиринен тайбай бекем турууда. Соңку сурамжылоолор көпчүлүк америкалыктардын Саддам Хуссейнди бийликтен кетирүүнү жактаарын көрсөтүүдө.
Бирок, Европа өлкөлөрү, анын ичинде Франция менен Германия, БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечими болбой туруп, Иракка сокку урууга каршы.
Иракка ныпталаш Түркиянын позициясы да акыр аягына чейин тактала элек. Непада уруш башаталып кетсе, Түркиянын авиабазаларысыз АКШнын жана анын шериктеринин күчтөрүнө кыйын болору талашсыз.

XS
SM
MD
LG