Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:43

ТАЛИП ЖООЧУСУ БРИТАНИЯДАН САЯСИЙ БАШПААНА ТАПТЫ


Тынчтыкбек Чоротегин “Санди телеграф” аттуу британдык гезит жекшембиде жазып чыккан окуя кайчы пикирлерди жаратууда. Анда ысымы айтылбаган бир талип жоокери Британиядан саясий башпаана тапканы маалымдалат. Бул кабар “ал-кайидачыларга” жана талиптерге каршы согуш жүргүзгөн британдык аскерлердин үстүнөн кайнак суу куюп жибергенге барабар, - дешет айрым саясатчылар.

“Санди телеграф” аттуу британдык гезиттин 19-январдагы санында 32 жашар талип жоокери былтыр май айында эле Уэлс аймагынын ордо шаары Кардиффте саясий баш паана тапканы айтылат. Ысымы ачык көрсөтүлбөгөн бул жоокер 2001-жылы ноябрда талиптик жетекчилик Кабулдан куулган чакта Ооганстандан качып чыккан экен. Эптеп Британияга жетип алган соң, ал азыркы өкмөт өзүн куугунтукташы мүмкүн экенин айтып, Лондондон саясий баш паана алууга жетишкен.
Бул окуя жөнүндө Британиянын ички иштер министрлиги эч кандай түшүндүрмө берген жок. Министрликтин басма сөз өкүлү жалпы гана маалымат берип, ушул тапта Ооганстанда кырдаал өзгөргөндүктөн, оогандарга саясий баш паана берүү кескин кыскарганын жана Британияга качып келген оогандардын ар биринин арызы кылдат иликтенип жатканын гана айтты.

Уэлс парламентиндеги консерваторлордун жетекчиси Ник Бөрн бул маселе тууралуу Ички иштер министри Дэвид Бланкетке атайын кайрылаарын айтты. Бөрн мырза Британияга жана анын ынтымакташтарына каршы согушка катышкан ар кандай киши бул өлкөдөн саясий баш паана табууга акысыз деп эсептээрин жана соңку окуя талиптерге жана эл аралык “ал-Кайида” уюмунун жоочуларына каршы өз өмүрүн тобокелге салып согуш жүргүзгөн британ аскерлерин табалоого тете экенин айтты.

“Санди телеграфтын” жазышынча, башка да эки талип жоокери Британияда саясий баш паана алуу үчүн кезегин күтүп жатат. Эми башка талиптер менен “ал-кайидачылар” да бул өлкөгө качып келүүгө далаалаттанышы ыктымал, - деп чочулашат британдыктар.

Ал эми “Скай ньюс” сыналгы каналы жекшембиде Лондон шаардык полиция башчысы, Сэр Жон Стивенс менен маек курду. Стивенс мырза мурда террордук уюмдар менен байланышы болгон бозгундар чын эле Лондон аймагында байырлап жатат деп билдирди. 2001-жылдын 11-сентябрындагы каргашалуу террордук чабуулдан кийинки мезгилде британ өкмөтү эки жүздөн ашуун кишини террордук иш-чараларга катышы бар деген шек менен камакка алган. Стивенстин маалымдашынча, дагы ондогон кишилер көзөмөлгө алынды, алардын айрымдары Ооганстандагы талиптер жана “ал-кайидачылар” менен байланышы бар деп шектелсе, кээлери Түндүк Африкада аракеттенген террорчулар менен кызматташ деп жоромолдонууда. Ишемби күнү Лондондун Гатвик аба майданында жана Чэлтенем жергесинде эки башка иш-чара маалында алты киши террордук ишмердүүлүгү менен байланыштуу камакка алынды.

Ооганстандын өзүндө болсо борбордук өкмөттүн чабалдыгынан улам көп сандаган талиптер менен “ал-кайидачылар” улам из жашырып, бир тоолуу аймактан экинчисине журт которуп жатканы айтылууда. Азыркы өкмөттү жактагандардын арасында да адам укуктарын одоно бузгандыгы үчүн калайык жек көргөн кишилер аз эмес.
“Хюман райтс уотч” укук коргоо уюмунун өкүлү Жон Сифтон:

- Куралчандар өлкөдө дагы эле жазасыз кала берүүдө. Алардын арасында Советтер Бирдигине каршы согушкандар да, талиптерге каршы же талиптер тарабында күрөш жүргүзгөндөр да бар. Тажрыйба топтолмоюнча, мыйзамдуу өкмөт өкүлдөрүнүн бийлиги улам чыңдалмайынча, Ооганстандагы бул көйгөй алдыдагы далай жылдар бою коомду беймаза кыла бермекчи.

“Хюман райтс уотчтун” өкүлү Сифтон өзгөчө белгилеген окуя – Герат вилайетинин акими Исмаил Хандын аймактагы аялдардын укугун басмырлоочу жаңы буйругу болду. Ага ылайык, эркек мугалимдерге кыздар окуган мектептерде сабак өтүүгө тыйуу салынды. Балдар менен кыздарга бир класста чогуу отурууга да мындан ары уруксат берилбейт.

Адистердин оюнча, Кабул менен жергиликтүү вилайет акимдеринин азыркыдай бири-бирине коошпогон саясат жүргүзүшүнүн шартында, өлкөдө жашырынып жүргөн талиптер менен “ал-кайидачылар” Батышка качууну гана ойлобостон, азыркы бийлик структурасына кирип, аны ичтен ыдыратып, өздөрүнүн эскичил көз караштарын коомго таңуулоого да мүмкүнчүлүк алышы ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG