Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы эл аралык конференцияга катышат


20-январда Кыргызстандын вице-премьер министри Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөттүк делегациясы Швейцариянын Люцерн шаарында өтө турган эл аралык конференцияга барат.Эл аралык валюта фонду,Дүйнөлүк банк,Европа өнүгүү банкы жана Азия өнүгүү банкы уюштуруп жаткан бул конференцияда КМШдагы эң жакыр деген жети мамлекет-Армения,Азербайжан,Грузия,Кыргызстан,Молдова,Өзбекстан жана Таджикстандын өткөөл мезгилдеги проблемалары талкууланат. Конференция ушул мамлекеттердин экономикалык абалы менен дүйнө коомчулугун тааныштырып,реформаларды жүргүзүү,донор мамлекеттердин эки тараптуу жана көп тараптуу жардамдарын координациялоо ниети менен түзүлгөн «КМШдагы 7 демилге» деген долбоордун алкагында болот.Алынган маалыматтарга караганда,эл аралык коомчулуктун конференцияга катышкан 200дөн ашык жогорку даражалуу өкүлдөрү 7 мамлекеттин эл аралык карыздарын жоюу жолдорун да талкуулашат.Мындай маалыматты ишембиде өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.

XS
SM
MD
LG