Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 12:17

Кытай өкмөтү кыргыздардын тарыхын иликтөөгө жардам берет


Кыргыз эли өз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жыл болгондугун айгинелеген күбөлүктү мындан ушунча жыл илгери Кытайдын улуу тарыхчысы Си Май Цайдын колу менен жазылган маалыматтардан алган. Бул тууралуу президент Аскар Акаев 18-январда эл аралык тоо жыйынтыктаган республикалык жыйында билдирди.Анын маалыматына караганда, ушундан улам Кытай өкмөтү бул өлкө аймагында сакталып калган тарыхый мурастарды жана тарыхый китептерди иликтеп, кыргыздар тууралуу маалыматтарды табуу үчүн атайын топ түзүүгө каражат бөлө турган болду.Ал каражаттын негизинде топ иликтеп тапкан тарыхый маалыматтар кыргыз тилине да которулат.

Бүбүкан Досалиева,Бишкек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG