Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Орусия президенти иш сапары менен Беларусияга келет.


Владимир Путиндин жекшембиде Минскиде башталуучу эки күндүк иш сапары учурунда негизги көңүл -Орусия- Беларусия союзунун келечеги жөнүндөгү маселеге бурулат. Дүйшөмбү күнү президенттердин катышуусу менен эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттик кеңешинин жыйыны өтөөрү белгиленген.Маалымат агенттикттеринин кабарларына караганда, президент В.Путин эки өлкөнүн биримдиги Орусия үчүн пайдалуу шартта түзүлүшүн жактайт.Мурдараак орус президенти эки көз карандысыз өлкөнүн биримдиги жөнүндөгү демилгени четке кагып ,Беларусияга Орусиянын курамына кирүүнү сунуш кылган.Өз кезегинде, мындай сунушка Беларусия президенти Александр Лукашенко каршылык билдирген эле .

XS
SM
MD
LG