Кечээги өрттөн улам Канберра шаарына бир топ зыян келди.Төрт жүздөй турак үй талкаланып,төрт адам курман болгон.Жергиликтүү метереологдордун болжолунда,кургак шамал дагы эки күнгө созулушу мүмкүн. Ушундан улам чукул кызматтардын баары өрткө каршы күрөшүү үчүн даяр турат.Ал эми өрт келтирген зыяндын өлчөмү жүздөгөн миллион долларга жетиши ыктымал. Австралиянын премьер-министри Жон Ховард окуяны "шаардын тарыхындагы эң ири өрт" катары баалады.