Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Британияда рицин окуясына байланыштуу дагы жети адам камакка алынды


Алар британ полициясы Лондондун түндүгүндөгү мечиттердин биринде жүргүзгөн тинтүү учурунда камакка алынган. Бул мечит Британиядагы белгилүү мусулман дин ишмери, теги боюнча мисирлик Абу Хамза ал-Масринин ордосу эле. Камалгандар рицин деп аталган уулуу затты өндүрүүгө катышы бардыгы үчүн шектелүүдө. Үстүбүздөгү айдын башында, Лондондо теги боюнча түндүк африкалык бир нече адам камакка алынган. Алардын батиринен рицин уусу табылган болчу. Полиция өкүлдөрү билдиргендей, Лондондун түндүгүндөгү мечитти тинтүү - рицин окуясы боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн алкагында жасалды. Бирок, мечиттин ичинен эч кандай химиялык заттар табылган эмес.

XS
SM
MD
LG