Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Орусия менен Беларусиянын интеграциясы пландагыдай уланууда


Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин Минскиде, Орусия менен Беларусиянын Жогорку Мамлекеттик Кеңешин жыйынына катышкан учурунда айтты:
-Биз соңку кездери союздук мамлекетти куруунун мындан аркы жолдору жөнүндө көп эле талашып-тартыштык. Бирок, биз дайыма- башкы нерседе чогуубуз. Союздук мамлекетти куруу- Орусия-Беларусия кызматташтыгынын негизги багыты.
Орус президенти белгилегендей, өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү эң жогорку чекке чыгып, 10 миллиард долларды түздү. Алдыда эки өлкөгө бир валютаны киргизүү, салык, баажы эрежелерин окшоштуруу багытындагы иштерди тездетүү керек. Ал эми беларус президенти А. Лукашенконун айтымында, өткөн жылы эки өлкө бири-бирине ишенүүгө жана жалпы максат үчүн чогуу иштешүүгө жөндөмдүү экенин көргөзө алды.

XS
SM
MD
LG