Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

КҮРД ПРОБЛЕМАСЫ ЖАНА АНКАРА


Жекшемби күнү күрд козголоңчулары кайрадан аскерий операцияларды улантып, Түркиялык күчтөргө кол сала баштайбыз деп билдиришти. Алар билдирүүнү Түркиялык аскерлердин өткөн аптанын шаршемби күнкү чабуулуна жооп иретинде жасашты. Түркия мүмкүн болчу Иракка каршы согуш алдында күрд проблемасына ашыкча сактык менен мамиле кылат. Анын себеби эмнеде?

Өткөн жуманын шаршемби күнү Түркиянын түштүк чыгышында вертолеттор коштогон өкмөттүк аскерлер менен күрт козголоңчуларынын 24 саатка жакын созулган салгылашуусунда 12 козголоңчу жана бир аскер курман болгонун Ройтер агенттиги кабарлады.
1999- жылы козголоңчулардын лидери Абдулла Ожалан колго түшүрүлгөндөн кийин, Күрд жумушчу партиясы- ПККнын эрегишчи күчтөрүнүн негизги бөлүгү Ирактын түндүгүндөгү тоолуу аймакка ооп кеткен. Ага чейинки 15 жыл арасында эрегишчилер 37 миңдей адамдын өмүрүнө забын болгон.
КАДЕК группасы шаршемби күнкү жоготуусуна байланыштуу Европада жайгашкан өзүнө ынак Мезопотамия жаңылыктар агенттиги аркылуу 19- январда билдирүү жасады.
“Бир жактуу тынчтык чоң ийгиликке жеткирбесине ынандык. Кырдаал бизди өз эркиндигибизди кайрадан согушуп коргоого мажбурлоодо”, - деп айтылат КАДЕКтин билдирүүсүндө. КАДЕКти көпчүлүк ПКК катары билет.
КАДЕКтин маалымдашынча, салгылашуу Түркиянын түштүк чыгышындагы Личе шаарчасына жакын жердеги бадал токойлуу кырка тоолордо өткөн. Абдулла Ожаландын иниси Османдын айтымында, Личедеги операция Түркия күрд адаватчыларына каршы согуш жарыялады дегенге барабар окуя.
Күрддөр көбүнесе Түркиянын Ирак жак чек арасындагы аймактарда жашайт. Алардын саны тууралуу Батыш булактарында так маалымат жок.
Айтсак, Ройтер агенттиги Түркияда 12 миллион күрд бар десе, “Christian Science Monitor” гезити Түркиянын 68 миллион калкынын кеминде 20 миллионун күрддөр түзөт деп жазат соңку сандарынын биринде.
Кошмо штаттарынын мүмкүн болчу согушу Ирактын борбордук өкмөтүн шал кылып, өлкөнүн түндүгүндөгү автономиялуу аймактагы күрддөрдүн эгемен мамлекетинин жаралашына алып барат деп кооптонот ырасмий Анкара. Ушундай кырдаалдан улам, Түркиянын жетекчилиги күрд эрегишчилеринин кайра жандануусунан ашыкча сактанып, алардын айрым күчтөрүн азыртан таш-талкан кылууну көздөгөн болушу да ыктымал. Бул биринчиден.
Экинчиден, согуш башталса, өлкөнүн экономикасына катар региондогу кырдаал бейстабилдешет, күрд качкындары өлкөнү “кара таандай” каптайт деп чочушат көпчүлүк түрктөр.
Соңку сурамжылоолорго караганда, түркиялыктардын 90 проценттен көбү Иракка каршы болчу аскерий акцияга каршы.
Бирок, АКШнын Түркиядагы мурдакы элчиси Мортон Абармовичтин сөзүнчө:

- Түркиянын өкмөтү согуштун болуусун каалабайт. Ал үчүн бар мүмкүнчүлүктү жасашмакчы. Анткен менен, түрк өкмөтү американын талабын аткарууга ыктап баратат. Менин оюмча, өкмөт акыр соңунда аскер жайгаштырууга макулдугун берет. Бирок, алар азыр өтө катуу соодалашууда.

Түркиянын жаңы өкмөтү бирок, “Financial Times” гезити байкаганга караганда, АКШ менен өтө эле гопол соодалашууда.
АКШ, көпчүлүк байкоочулардын айтымында, Түркияга 80 миңдик кол жайгаштырылсын деп өтүнгөн.
Элдин маанайын сезген Абдулла Гул башындагы өкмөт непада болчу согушта кандай позицияны ээлерин жана көп сандуу аскерлерди жайгаштырууга макул келеби, анысын ачык айтапай создуктурууда.
Президент Ахмед Неждет Сезер, премьер-министр Абдулла Гул жана Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын акими Хилми Озкоктүн жума күнү болгон кездешүүсүнөн кийин:

“Мүмкүн болчу (аскерий) операцияга, эгерде ал эл аралык мыйзамдардын алкагында өткөрүсө, Түркия кошчу салым чектелүү болот деп күтүү чындыкка ылайык келмек. Түркиянын коңшусу менен болгон тарыхый мамилеси жана чөлкөмдөгү кырдаал ушундай шарттайт”,

- деп билдирген түрк президентинин өкүлү Илдем Тачан.
XS
SM
MD
LG