Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:49

ҮЙҮРҮ МЕНЕН ЖАШАГАН ЖАНЫБАРЛАРГА ДЕСПОТТУК ТАРТИП ЫЛАЙЫКПЫ, ЖЕ ДЕМОКРАТИЯБЫ?


Жакында «Нэйтче» - «Табият» деген кадыр-барктуу илимий журналга британдык биолог профессорлордун макаласы жарыяланды. Анда үйүрү менен жашаган жаныбарлардын тиричилиги үчүн кандай тартип алгылыктуу экендиги таразаланат. Авторлордун оюнча, жапайы айбандар үчүн да аман калуунун эң ылайыктуу жолу – демократия экен. Бул – курулай саясат ко деп күлө көрбөңүз.

Ооба, күлө көрбөңүз. Чынында эле, кандуу кармашта өз атаандашын кажып, ал түгүл мерт кылганга чейин барган арстанга же жолборско «сиздин үйүр үчүн тирилик кылуунун алгылыктуу жолу – демократия экен», - деп кантип айтып, аларды кантип айбанчылыктан баш тарттыра же жалкыта аласыз? Асман мелжиген аска зоолорду байырлаган тоо эчкилердин үйүрүнө жеттиңиз дейли. Кайберен тукумун тескеп, тээ алыскы теребелге сактанып көз жүгүрткөн текеге «кызмат маселесин добушка салалы, сен эми ордуңду чебичтерге бер» деп айта алабызбы?

Үйүр деген ошол да. Алардын жетекчиси болууга тийиш. Табийгат заңына ылайык тандалган үйүр башчысы жайыт тандаганда, же аң уулоо үчүн ыктуу жайларга багыт алганда, калганы анын артынан ээрчүүсү керек.

Бул табигый эреже мектеп окуучусуна деле белгилүү. Бирок жакында Британиянын Брайтон шаарчасындагы Сассекс университетинин эки биолог профессору математикалык жол менен эсептеп чыгып, үйүр болуп жашаган айбанат үчүн деле бир жетекчинин катаал тартиби эмес, демократиялык жол алгылыктуу деген тыянакты жарыялашты. «Нэйтче» журналынын 2003-жылдын башында жарык көргөн санындагы алардын макаласы илимпоздор чөйрөсүндө уу-дуу талкууну пайда кылды.

Макаланын авторлорунун бири, профессор Тим Роупер үйүр болуп жашаган жаныбарлардын тирүү калуусу үчүн аларга жалпы багыт берчү чечим өтө олуттуу экенин баса белгилейт:

- Жаныбарлар өтө жөнөкөй чечимди каалайт. «Үйүрүбүз менен токтойлубу, саал тыныгып алалыбы, же оттуу жайытты, же болбосо башка азык түрүн издөө керекпи?» деген сыяктуу суроолорго алар дайыма жооп издешет. Мындагы башкы нерсе – алардын коллективдүү бүтүмгө келүүсүнүн зарылдыгы. Анткени бири тыныгып, экинчиси бет келген жакка азык издеп кете берсе, анда үйүр бир заматта бытырап кетпейби.

Роупер мырза жана анын шериги адамзат үчүн эле эмес, анын деңгээлине караандабаган, бирок үйүр-үйүрү менен тиричилик өткөргөн жаныбарлар үчүн да демократиялык тартип, башкача айтканда, үйүр мүчөсүнүн тандоо эркиндигинин болушу олуттуу экенин белгилешет. Канчалык үйүр турмушунун орчун чечими бир гана жандыкка багыныңкы болсо, ошончолук үйүрдүн жетекчи эмес өкүлдөрүнүн мерт болуу ыктымалдуулугу жогору болот, анткени үйүр башчысы эң оболу өзүнүн керт башын сактоону инстинкттик деңгээлде биринчи орунга койот.

Табият таануучулар нечен жолу байкагандай, урпагынын аман калуусу үчүн жанын тобокелге салган жан-жаныбарлар арбын эле учурайт. Муну адамзат адеп-ахлагы, моралы менен чаташтырууга болбойт. Ошондой эле, алиги биологдордун математикалык ыкма менен сыдыргыга салгандай иликтөөсү да башка жаныбарлар менен адамзатты чаташтырбоо керектигин эскертет.

Кайрадан Роупер мырзанын сөзүнө конок берели:

- Кишилер башка жан-жаныбарлардан өтө олуттуу жагдайлар боюнча айырмаланат. Киши рационалдуу ой жүгүртө алат. Адамдардын сүйлөө жөндөмдүүлүгү өз каалоосун, чечимин жана башка маалыматын тектешине айтып, баарлашуу үчүн кызмат кылат. Кишинин жасай турган чечими да алда канча татаал эмеспи.

Роупер адамзаттын саясий мааниде алгандагы демократиялык тартиби миңдеген, миллиондогон кишилердин чечими менен байланыштуу экенин айтат, ал эми башка макулуктардын үйүр демократиясы деген тыянак – компютердин кампасында гана калчу нерсе эмеспи.

Ал эми адамзат демократиясына келсек, «элдик бийликтин» аты менен заты айкалышпаган учурлары тарыхта деле, азыркы саясий күрдөөлдө деле арбын. Маселен, макала жазган илимпоздордун мекени - Британиянын конституциялык жеке бийлиги менен шайлануу аркылуу гана мамлекет башчысы болуп келе жатат делген Фидел Кастронун, Саддам Хусейндин, Муаммар Каддафинин, Ким Чен Ирдин, Түркмөнбашынын жана башка көсөмдөрдүн авторитардык режимдерин салыштырып көрөлү. Британиядан Сантьягого, Багдадга, Сеулга же Ашгабатка качып өткөн эч бир диссидент болбосо керек, ал эми буга кайчы багытта тынымсыз агылган кишилер жөнүндө сөз кылбай эле койолу.

Дегиңкиси, биологдордун илимий журналдагы макаласы айбанат турмушуна арналбастан, тескерисинче, бул макулуктардын колунан көөрү төгүлгөн, сөзмөр, акыл-эстүү жана адеп-ахлактуу жердештерине – адамзатка - өз коому тууралуу бир саамга болсо да ой жүгүртүү үчүн жем таштаган чыгарма болду көрүнөт.
XS
SM
MD
LG