Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Ооганстандын Жогорку Соту кабелдик телевидениени исламдын жоосу деп тапты


Ооганстанда кабелдик телевидениени көрүүгө тыйуу салынды. Жогорку Соттун төрагасы Фазел Хажи Шинуаринин түшүндүрмөсүнө караганда, кабелдик телевидение шариятка жана ислам үрп-адаттарына шек тийгизет.
Өткөн айда Жалалабад шаарындагы кабелдик телеканал жабылган.
Шинуари Герат провинциясынын губернаторунун кыз жана уул балдарды бөлүп окутуу, ошондой эле, эрекек мугалимдердин кыз балдарга сабак берүүсүн тыйуу чечимин да жактады. Ооганстандын Жогорку Сотунун төрагасынын сөзүнчө, уламалар кеңеши жакында исламды бузуку көз караштардан коргоо боюнча атайын жоболорду иштеп чыгат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG