Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:14

Өзбек бийликтери жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгын чек арада туруп коргойт


Өзбекстан коңшу өлкөлөрдөн аткезчилик жол менен товар алып келүүнү токтотуу максатында чек ара жана бажы контролун дагы катуулатты.
Өзбек өкмөтүнүн өкүлү Малик Кадыров бүгүн билдиргенге караганда, чек ара жана бажы контролун бекемдөө - “импорттук товарларды чектөөнүн жана жергиликтүү рынокту сабапсыз товарлардан коргоо өнөктүгүнүн бир бөлүгү”.
Бир нече жума илгери Өзбекстан жугуштуу ооруулардын жайылуусунун алдын алабыз деп, коңшулаш Казакстан жана Кыргызстан жак чек арасын жаап салган. Бирок, республиканын саламаттыкты сактоо кызматтарынын маалымдашынча, жакын арада республикада эч кандай жугуштуу илдеттер катталган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG