Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

А. Масхадов “эркиндик күрөшүндө террорчулукка баруунун зарылдыгы жок” дейт


“Чечендерге Россиядан күнкорсуздук алуу үчүн жүрүп жаткан согушунда террорчулукка баруунун зарылдыгы жок”,- деп билдирди Чеченстандын козголоңчу президенти Аслан Масхадов.
А. Масхадовдун Франс пресс агенттигине айтышынча, Россиянын жетекчилиги чечендердин эркиндик согушун эл аралык терроризм менен байланыштыруу үчүн “жан алы калбай” аракеттенүүдө.
Чечен лидеринин сөзүнчө, Батыш өлкөлөрү чечен элинин ый- муңуна көңүл болбойт, Батыш чечен көйгөйүн өз стратегиясын жүргүзүү үчүн Россия менен болгон оюнунда каалагандай пайдаланууда.

XS
SM
MD
LG