Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Франциянын президенти кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы менен куттуктады


Франциянын президенти Жак Ширак Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге кат жолдоп, Бириккен Улуттар Уюмунда 2003-жылды кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы деп жарыялаган резолюция кабыл алынганы менен куттуктады.Бул тууралуу 21-январда тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Жак Ширак ООНдун аталган резолюциясын Франция толугу менен колдой тургандыгын ырастап, ушул жылдын күз айларында Бишкекте Борбор Азиянын экономикалык жана экологиялык проблемаларына арналган регионалдык конференция өткөрүү боюнча кыргыз президенти көтөргөн демилгенин ишке ашышына кызыкдарлыгын да билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG