Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

АКШ Конгресси Борбор Азия мамлекеттерине байланыштуу резолюция кабыл алды.


Документте региондогу өлкөлөрдө адам укуктары,эркин маалымат каражаттары кысымга алынып, демократия өнүкпөй жатканы сынга алынган.Резолюциянын Кыргызстанга арналган бөлүмүндө адамдарды өкмөт өзү каалагандай камакка алып,кармай берет,саясий оппозициянын,укук коргоочулардын, бейөкмөттүк жана диний уюмдардын мүчөлүгүндө тургандардын иш-аракеттерин чектейт, улуттук азчылыкты түзгөндөрдүн укуктарын басмырлайт деп айтылат. Конгресс Борбор Азиядагы өкмөттөргө демократиялык реформаларды тереңдетүүнү сунуш кылып, АКШнын регионго жардам көрсөтүүсү мындан ары дал ушул багыттагы иштерге жараша болорун эскерткен. Конгресс ошондой эле Борбор Азиядагы мамлекет башчылары кайдан жана кандай жол менен киреше таап жаткандыгын, анын булактарын да ачык көрсөтүүгө тийиш деп эсептейт. Бул тууралуу шейшембиде “Акипресс” агенттиги кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG