Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

”Адилет” жана аялдар партиялары референдумга толук колдоо билдиришти


Аталган эки партия 21-январда таркатышкан билдирүүлөрүндө калкты алдыдагы референдумду колдоого чакырышты. «Адилет» партиясы,атап айтканда, Конституциянын жаңы редакциясына киргизилген толуктоолор адам укугу менен эркиндигин толук коргойт, адамга жана анын жеке менчигине кол тийбестик кепилдигин камсыз кылат деп эсептейт. Мындай жаңы багыттарды ишке ашыруу үчүн,”Адилет” партиясынын пикири боюнча, президент Аскар Акаев 2005-жылга чейин өз кызматында турушу зарыл. Аялдардын демократиялык партиясы да Конституциянын жаңы жоболорун толук колдоого алып,алардын баары өткөөл мезгилде Кыргызстандагы мамлекеттик курулуштун эң үзүрлүү принциптерин туюндурат, демократиялык процесстерди илгерилетет деген ишенимин билдирди. Конституциялык жаңы нормалар ошондой бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактап,алардын жоопкерчилигин арттырат,деп айтылат аялдар партиясынын билдирүүсүндө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG