Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Конституциянын жаңы редакциясына өзгөртүү киргизилди


Жаңы редакциядан,атап айтканда,президенттин абсолюттук вето укугу жөнүндөгү жобо алынды жана Конституциялык сотко арыз менен президенттен тартып катардагы жарандарга чейин кайрылганга укук берген норма кайра киргизилди. Бул тууралуу эксперттик топтун жетекчиси Чолпонкул Арабаев 21-январдагы маалымат жыйынында ырастады. Эксперттик топ жарандардын жана коомдук уюмдардын көптөгөн кайрылууларын эске алып ушундай чечимге келди. Ошону менен бирге бул чечимди оппозициянын же Конституциялык соттун кысымынан келип чыккан кадам катары түшүнүү туура эмес,деп эскертти Арабаев. Ушул эле күнү “Акипресс” маалымат агенттиги Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесине шилтеме жасап,ОБСЕ референдумга байкоочуларын жөнөтпөй тургандыгын кабарлады. Буга процедуралык жагдайлар себеп болгон, деп айтылат “Акипресстин” маалыматында. Эреже боюнча, мындай өтүнүч ОБСЕнин Венадагы баш кеңсесине референдумга эки ай калганда жөнөтүлүүгө тийиш. Кыргызстандын борбордук шайлоо комиссия болсо мындай өтүнүчүн дээрлик бир ай кечиктирип жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG