Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

МОЛДОВАЛЫКТАР КОММУНИСТТЕРДИН БИЙЛИКТЕН КЕТИШИН ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Өткөн аптанын соңунда Кишеневдо өткөрүлгөн демонстрацияда миңдеген адамдар өлкөнүн НАТО жана Европа Союзу сыяктуу батыштык уюмдарга кирүүсүн талап кылышты.

Жекшемби күнү Молдованын баш калаасы Кишиневдо 5 миңден ашык адам өлкөнүн коммунисттик өкмөтүнүн саясатына наарызылык билдиришти. Демонстранттар өлкөнүн НАТОго жана Европа Союзуна кирүүсү жөнүндөгү маселени референдумга койуу тууралуу жөнүндө оппозициянын талабына колдоо билдиришти.

Өткөн жумада Молдованын борбордук шайлоо комиссиясы оппозициядагы Христиан-Демократиялык партиянын өлкөнүн Натого жана Европа Союзуна талаптануусун бүткүл элдик рефередумга койуу өтүнүчүн четке каккан. Комиссия бул чечимин өлкөнүн "бейтарап өлкө" катары бир да аскердик уюмга кирүүгө укугу жоктугу менен негиздеген эле. Бирок комиссиянын бул түшүндүрмөсү өкмөттүн реалдуу саясатына төп келбейт. Өзүн "бейтарап" деп жарыялаган Молдова Коллективдүү Коопсуздук Келишимине мүчө экени белгилүү. Комиссиянын түшүндүрмөсү суу кечпей турганын белгилеген Христиан-Демократтардын лидери Юрие Роска, Молдованын коммунисттик өкмөтү иш жүзүндө референдумда калктын басымдуу бөлүгү батыштык альянстарга кошулууну колдошунан кооптонуп жатканын айтат. Жекшемби күнкү митингте сүйлөгөн сөзүндө ал: "Демонстрацияга БШКнын референдум өткөрүү тууралуу сунушубузду четке каккандыгы тамызгы болду. Анткени эгемен Молдованын калкы Европа Союзу менен Түндүк Атлантика блогуна кирүүгө макул боло турганы шексиз эле ", -деп айтты.

Молдованын 4,5 миллион киши элинин бир кыйла бөлүгүн Днестр боюнда жашаган орус тилдүү калк түзөт, жана жумурияттын Румыния менен биригүүсүнөн кооптонуп турган чөлкөм жылдардан бери Молдовадан бөлүнүүгө аракеттенип келет. Козголоңду басаңдатуу максаты менен коммунисттик өкмөт былтыр өлкөдө молдован тили менен катар орус тилине мамлекеттик тил макамын берүүгө аракеттенген. Бул чечимге нааразы болгон онмиңдеген кишилер январ айынан тартып апрелге чейин ар жума сайын тынбай демонстрация өткөрүп турушкан. Акыры Еврокеңештин Парламенттик Ассамблеясынын ортомчулугу менен тараптар мунасалуу пикирге келип, демократиялык нормалардын чегинен чыкпоого убада беришкен.

Молдова менен Румыниянын мамлекеттик желектерин көтөргөн кишилер жекшемби күнкү митингте коммунисттердин бийликтен кетүүсүн талап кылып жатышты. Алар жакырчыкты жойом деген убаданын арты менен бийликке келген президент Воронин иш жүзүндө өлкөдөгү демократиялык жетишкеликтерди түп тамыры менен кыйратып жатат деп нааразы болушту.

Бирок байкоочулар демонстранттардын бул чыгууларынан майнап болоруна ишенишпейт. Анткени оппозициядагы Христиан-демократтарды өлкөнүн бир ууч жараны гана колдойт. 101 орундуу парламентте христиан-демократтарга 11 эле орун таандык. Коммунистер болсо парламентте 71 орунга ээ. Христиан-демократтар кыймылга колдоо көрсөтүү чакырыгы менен башка партияларга да кайрылышкан, бирок бул чакырыкка парламентте депутаттык оорунга ээ эмес Либералдык Партия гана макул болду.

Жекшемби күнкү демонстрацияга өкмөт расмий комментарий берген жок. Бирок бийликтеги коммунисттерге жакын гезиттердин бири Христиан-демократтар уюштурган компанияны "мыйзамдуу шайланган өкмөттү кулатуу" аракети катары сыпаттады. Айрым оппонеттер болсо партиянын демилгесин элдин басымдуу бөлүгү колдобой турганын айтышат. Элинин олчойгон бөлүгү жакырчылыкта жашаган Молдова Европанын эң кедей өлкөлөрүнүн бири. Жумурияттагы орточо маяна 30 доллардан ашпайт. Экономиканын кирешелүү тармактары бийликтеги партия көсөмдөрүнүн колунда. Советтер Союзунун чачырашы менен экономиканын айрым тармактары кыйрап калды. Реформа өткөрүү аракеттери күтүлгөн натыйжага алып келген жок. Ошон үчүн айрым критиктер: "Молдовандардын Евросюз менен НАТОго кирүү мүдөөсү азыркы тапта "курулай эңсөө" деген сыпатка татыйт. Калктын азыркы чыгуусу бийликке коркунуч келтирбейт. Демонстрацияны тек гана элдин батыштагыдай бакубат жашоо мүдөөсү катары кабылдоо керек",- дешет.

XS
SM
MD
LG