Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:42

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ САЯСИЙ ОЮНДАР


Талкуу Башмыйзамдын жаңы редакциясы маселесинин тегерегинде жүрмөкчү. Ага Ишенбай Абдразаков, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси, «Келечек долбоору» коомдук фонддун жетекчиси, Иса Токоев, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы, Жыпар Жекшеев Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү катышат.

- Конституциянын жаңы редакциясына Конституциялык сотко президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш, шайлоо комиссиясынан башка эч ким кайрыла албастыгы белгиленген. Мындай чектөө адам укугун бузуп койбойбу? Кыргызстан адам укугун барктаган өлкө деген пикирге принципке кайчы келбейби?
Жекшеев: - Бул жерде эң орчун, фундаментал, абыдан актуалдуу маселе козголуп атат. Адам укугунун корголушу жаңы редакцияда мурунку Конституция, мыйзамдар нормасына салыштырмалуу кыйла төмөн берилген. Ага баарыбыз тең эле күбө болуп атпайбызбы. Баары теңирден тескерисинче чыгууда, жаңы редакцияда көп сөз жазылган, бирок алардын маани-маңызы жок. Эгерде адам эң жогорку инстанция эсептелген Конституциялык сотко кайрыла албаганы эле эмнени көрсөтүп турат. Конституциялык сотко президент, Жогорку Кеңеш гана кайрыла алат дейт, бирок Жогорку Кеңештин кайрылышы мүмкүн эмес, себеп дегенде депутаттар арасында ар түрдү топтор, көз караштагы өкүлдөр бар. Көпчүлүк добуш менен чечим чыгарып кайрылыш да кыйын. Конституциянын жаңы редакциясы биздин ар бир атуулдарыбызды өтө терең ойлонттура турган долбоор. Референдумга барардан мурун «жети өлчөп - бир кес» дейт. Андан дагы шылдың кылгансып, «адам укугун урматтаган өлкө» деп жарыя салганыбызчы. Адам укугун урматтаган өлкө эч качан мындай ишке барбаш керек. Демократиялык принциптин негизги өзөгүн - адам укугун тебелип, коргоосуз калтырып аткандан кийин ал тууралуу ооз көптүрүп айтууга моралдык укугубуз барбы?
Токоев: - Эми баарын эле жаман дей берсек турмуш деле жаман. Андан биз качып кутула албайбыз. Мен бүгүнкү күнү түздөн-түз ар бир жаран Конституциялык сотко катыша албайт, дегенге макул эмесмин. Анткени, ушу азыр Кыргызстанда жашаган адамдын баары тең эле Конституциялык сотко өзүнүн укугун коргоо үчүн кайрыла беришпейт. Конституциялык сот - өзгөчө структура, ал жалпы сот өндүрүшү менен иштебеген орган. Экинчиден, жаңы Конституциянын долбоорунда өзүнчө глава болуп адамдын укугун коргоо боюнча өзгөчө жазылган көп пункттар бар. Алардын баарын жокко чыгарыштын кереги жок. Мурдагы Конституцияга караганда бул Конституцияда адам укугун коргоо боюнча биртоп принциптер жакшы жазылган. Анын үстүнө биз акыйкатчы деген жаңы институт киргизип атпайбызбы. Акыйкатчы мына ушул маселелерди биринчи көтөрүп чыгыш керек эле. Акыйкатчы институтун кабыл алып аткандан кийин, ал тууралуу мыйзам кабылдообуз зарыл. Конституциялык мыйзамды кабыл алсак акыйкатчы институтунда адам укугун коргоо мүмкүнчүлүгү кеңейет, ар бир адам өзүн коргой алат. Экинчиден, ар бир жарандын өзүнүн депутаты, Жогорку Кеңеш бар. Бул жагынан болбосо да, башка жагынан кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар. Ар бир адам Конституциялык сотко кайрылат, дегенден эч нерсе өзгөрбөйт. Конституциянын долбоору төмөн дегенге мен анча макул эмесмин. Долбоордо көп нерселер ордуна коюлган. Легендарлуу парламент кабыл алган Конституция ириде парламенттик мамлекет болчу. Ошондон чыгып эки палаталуу парламентти ким чыгарды эле? Мен ошол кезде шаардык кеңештин төрагасы элем, каршы чыккам. Биз федеративдүү мамлекет болбогондон кийин, унитардык өлкө болгондон кийин эки палатанын кереги барбы дегем. Болбой атышып Чүй облкеңешине чечим чыгартып, ошону туу көтөрүп референдум өткөрүлгөн. «Бир казанда эки кочкордун башы бышпайт» дегендей, кош палатанын эки жетекчиси ыйгарым укуктарын бөлүшө албай, акырында кайра референдум жарыялап, Жогорку Кеңеш өзүнүн бир топ укуктарын алдырып койгон.
Абдуразаков: - Конституция - негизги мыйзам. Ал үч өзөктүү принципти кепилдеп бериши керек. Биринчиси, мамлекеттик түзүлүш. Экинчиси, адам укугу жана эркиндиги. Үчүнчүсү, мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы тең салмак. Бийлик бутактары каалаганын жасап, өзүн-өзү билип өтүгүн төргө илип албаш үчүн бири-бирине көзөмөл кылып, бири-биринин жасаган иштерин тескеп турушу зарыл. Өлкөнү натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзүү деген эмне? Конституция, теориялык жактан алганда, мамлекет менен элдин ортосундагы келишим. Эл мамлекетке салыгын төлөп берет, бийлик болсо ага жакшы жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүп берет. Конституцияны көкбөрү кылбаш керек, аны бир жолу жакшылап кабыл алып, ошондон кийин көпкө чейин иштей турган болуш керек. Азыркы Конституцияны шашпай иштеп чыгып, аны дагы 10-15 жыл иштеп бере тургандай деңгээлге жеткирсек жакшы болор эле. Бизде көп эле укуктар менен эркиндиктер жарыяланган, бирок аны кепилдикке алуунун механизми иштелип чыккан эмес. Президент гарант болуш үчүн, ал бийлик бутактарынын баарынан жогору туруш керек. Аткаруу бийлигине аралашып кетпеш керек. Конституциянын өзүндө адам укуктарынын иш жүзүндө сакталышына көзөмөл кылуу жобосу жазылган. Ал элдин баары арыз жаза беришет, деген нерсе эмес. Принципиалдуу маселе бар. Адам укугунун бузулушунун принципиалдуу маселелерди көзөмөл кылган конституциялык укукту жалгыз Конституциялык сотко бербеш керек.

--Президент өзүнүн кыйла ыйгарым укуктарын парламент менен бөлүшкөндөн кийин, президентте абсолюттук вето койуу укугу сакталып калсын деген принцип Конституциянын жаңы редакциясына киргизилди. Буга сиздер кандай карайсыздар?
Абдуразаков: - Мен жана сөз башында бийликтин бутактарында баланс, тең салмак болсун деп айтпадымбы. Абсолюттук ветону кандай кылып колдонот деген маселе бар. Эгерде Жогорку Кеңештин чыгарган мыйзамдарын, же болбосо президент аркылуу келген мыйзамдын долбоорлорун карап отуруп, анын бир жери жакпай калса вето коюп эле өткөрбөй коё берсе, Жогорку Кеңештин өзүнүн функциясы аткарылабы, же аткарылбайбы, деген шек туулат. Аткаруу бийлиги менен өкүлдөр бийлигинин ортосунда карама-каршылык болбой койбойт. Бирок алар чектен чыкпай, туура мыйзамдар кабылданып туруш үчүн тең салмак керек. Абсолюттук вето - демократиялык духка такыр туура келбеген нерсе.
Токоев:- Жазылып атпайбы, аткаруу бийлигинин макулдугу менен деп. Эгерде ошол кабыл алып аткан мыйзамдын чыгаша жагы тууралуу кеп болсо сөзсүз аткаруу бийлигинин макулдугу керек. Бюджетти, кирешебиздин баарын бекитип коюп, ветону чыгарат элек деп, чыгаша жагына келгенде ал жерде акча жок болгондон кийин, жөн эле мыйзамды кабыл ала бериштин эмне кереги бар? Андай мыйзамдын биртобун кабыл алдык. Бирок ал иштебей атпайбы. Бул жерде мындай механизм бар. Биз кабыл алып президентке жибердик, президент бир айдын ичинде макул эмесмин деп кайра жиберет. Эгер бир айдын ичинде Жогорку Кеңеш карабаса, анда президенттин оңдоосу тоскоолсуз өтөт. Анткени, президенттин айрым кайчылаш пикири менен келген мыйзамдар үч-төрт айлап жатып калып атат, кээде карабай деле коебуз.
Жекшеев: - Абсолюттук вето Кыргызстандын азыркы укуктук саясий структурасына сыйбаган нерсе. Бийликтин ыйгарым укуктарынын баарын тең өзүнүн колуна чогултуп , ал аз келгенсип президент абсолюттук ветону да өзүнө алууда. Бул абсолюттук бийликти колго алуу деген эле сөз. Президент диктатураны орнотууга аракет кылып атат. Иса мырза айтып атпайбы, мамлекеттин казынасына чыгаша келтире турган мыйзамдарды алып коюп, чыгашасын эсептебей атабыз деп. Парламент тарыхында чыгаша келтирбеген мыйзам барбы? Андай мыйзам жок.
-
Конституциянын жаңы редакциясы референдумга коюлуп атат. Өткөн жылдын августунда Конституцияга алымча-кошумча өзгөртүүлөр деп президенттин жарылыгы чыккан. Ушул жылдын 2-январдагы жарлыгы боюнча эксперттик топ Башмыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыкты. Жаңы редакция жаңы конституциябы? Президент кайрадан дагы эки жолу кийинки шайлоолорго катышууга мүмкүнчүлүк ала алабы?

Жекшеев: - Жаңы редакция деген сөз кокустуктан келип чыккан жок. Бул жаңы Конституция, жаңы редакция болуп атат. Конституциялык кеңешме макул тапкан толуктоо өзгөртүү дегенди эмнеге алып салышты? Бул атайын жасалган иш. Себеби, жаңы Конституция менен иштеп атабыз, деп кайра шайлоо болот, дагы 10 жыл Аскар Акаевдин кызматында калары жөн эле боло турган нерсе. Мунун талашып да, актап да кереги жок. Биз 12 жылдан бери эксперименттен өткөн адамбыз, саясатчыларбыз. Муну ачык эле айтыш керек. Ушундай аракет болуп атат.
Токоев: - Мен Конституциянын жаңы редакциясын окуп атып бир жерден президент дагы эки мөөнөткө барат экен деген сөздү көргөн жокмун. Экинчиден, президент өзүн ошол бүлетенге киргизип атат, “конституциялык мөөнөттүн аягына чейин калышыма макулсуңарбы же жоксуңарбы?” деп суроо коюп атат. Үчүнчүдөн, Конституцияда жазылып турган жаш курагы деген бар, мынча жаштан мынчага чейин деген чек бар. Анан каяктан издеп таап алдыңар бу сөздү?, Жөн эле элди дүрбөтүш, башка жака буруп кетиш үчүн президент дагы эки мөөнөт калса, кокуй анда өлдүк деп, ошонун тегерегинде сөз кылып жатасыңар.
Абдуразаков: - Конституцияда өзгөртүүлөр жана кошумчалар деген пункт бар. Башка бир Конституцияларда кайра карап чыгуу деген бар. Ал башка, анын кароо тартиби да башка. Бүгүн бирди айтып, эртең экини айтып чыкчулар бар. Ушундайдан жалкып калган кишилер ар кандай божомол жасашы мүмкүн. Жаңы текст деген өзү шек туудуруп атпайбы. Жаңы болуш үчүн, биринчиден, мамлекеттик түзүлүш өзгөрүш керек. Бизде өзгөргөн жок. Кээ бирлер айтып атышат, президенттик-парламенттик республика болдук деп... Бирок, мамлекеттик түзүлүш өзгөрүп кетти деп айтканга эч негиз жок. Ошондуктан, азыркы текст укуктук жактан кайрадан үчүнчү, төртүнчү мөөнөткө азыркы президентке шайланууга эч негиз бербейт. Бул укуктук жагы. А бирок бизде кээде андан ойкуп-кайкып өтүп кеткен учурлар болуп атпайбы. Мына, Иса Токоев туура айтты, андайды, «кокуй анда өлдүк» деп коет. Мурда биздин Конституцияда деле бири-бирине карама-каршы келген жерлери көп болчу. Кээ бир аныктамалар анчалык так эмес эле. Азыркы өзгөртүүлөр болсо мурунку Конституцияга карама-каршы чыгып атпайбы. Муну укуктук каршылык - коллизия дейт. Андан чыгуунун жолу барбы? Конституцияны өзгөртүш үчүн мыйзамдуу орган түзүлүш керек. Ал үчүн Конституциялык кеңешме эмес, Конституциялык чогулуш, курултай түзүш туура. Ага депутаттар, өкмөт, соттордун бир бөлүгү, элден келген делегаттар келип ошол жерге тартибин чечип алыш зарыл. Конституцияга азыр шашпай, быйыл жакшылап иштеп, 2005-жылдан кийин жаңы Конституция менен кирип кетсек жакшы болот эле, деп ойлойм. Азыркы өзгөртүүлөрдүн эң чатак жери ушул: укуктук карама-каршылык толтура. Андан кантип чыгабыз? Бул ойлоно турган маселе.
Жекшеев: - «Мыйзам артына кетпейт» дейт. Мисалы, биз Аскар Акаев канча жылдан бери президент болуп иштеп атканын жакшы билебиз. Өткөндө, бул жаңы Конституция деп Конституциялык сот чечим чыгарып салган, Акаевдин кийинки мөөнөтүн эсепке киргизип аны биринчиси деп бүтүм чыгарып койгон. Так эле ошондой жагдай бүгүн да түзүлүп атат. Конституциялык сот бүгүн башкача бүтүм чыгарат деп ишене алабызбы?
XS
SM
MD
LG