Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Референдумга зарыл документтер жер-жерлерге жеткирилди


Референдумду өткөрүүгө керектүү 12 түрлүү документ бардык райондук штабдарга жеткирилди. Мындай маалымат 22-январда Борбордук шайлоо комиссиясынан алынды. Ал маалыматка караганда, бул документтер жана Конституциянын жаңы редакциясы басылган гезиттин атайын тиркемеси референдумга чейинки беш күн ичинде шайлоо участкаларына жеткирилип, добуш берүүгө чакыруу кагаздары шайлоочуларга таратыла баштайт. Добуш берүүгө зарыл документтер ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган 6 миңден ашык кыргыз жарандары добуш бере турган 24 шайлоо участкасына жеткирилет. Борбордук шайлоо комиссиясы азыр референдумга катыша турган чет өлкөлүк массалык маалымат каражат өкүлдөрүн жана байкоочуларды аккредитациялай баштады. Бирок, чет өлкөлөрдөн канча байкоочу келээри азырынча белгисиз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG