Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Президент А. Акаев Жалалабад областында болду


22-январда президент Аскар Акаев Жалалабад областында болду. Президент менен жолугушууда областтын губернатору Жусупбек Шарипов областта Конституциянын долбоорун талкуулаган 1334 чогулушка 19220 адам катышып, өкмөткө өз алдынчалык берүү, партиялык тизме боюнча шайлоону алып салуу жана тартипсиз депутаттарды жоопкерчиликке чакыруу сыяктуу 4 миңден ашык сунуш, талап түшкөнүн маалымдады. Президент Аскар Акаев ушул жылдын апрель айынан тарта пенсия жана мугалимдер менен врачтардын маянасы 15-20% көбөйтүлөөрүн, Аксыда Үчтерек каналын куруу башталып, Токтогул районунун өнүгүшүнө 43 млн. сом каралгандыгын билдирди. Ал ошондой эле быйыл областта 17 долбоор ишке ашаарына, 5 жыл ичинде областтын 270 айылында таза суу чыгарылаарына токтолду.

XS
SM
MD
LG