Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Эл аралык уюмдар Кыргызстанда боло турган референдумга даярдык көрүү убактысын өтө аз деп жатышат


Эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү жана чет мамлекеттердин элчиликтери референдумду 20 күндүн ичинде даярдык көрүп өткөрүү өтө кыска убакыт экендигин билдирип жатышат. Бул тууралуу 22-январда референдумду көзөмөлдөө боюнча саясий партия жана коомдук уюмдар түзгөн республикалык штабдын төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын маалыматына караганда, мындай пикирин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Айдын Идиль ушул күнкү жолугушууда билдирип, мамлекеттик маанилүү маселе чечилчү референдумду мындай кыска убакытта өткөрүү дүйнөлүк практикада жок экендигин белгилеген. Ушундай эле пикирин Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Ахенбах аталган республикалык штаб төрагасынын орун басарлары Жыпар Жекшеев жана Эмил Алиев менен 21-январдагы жолугушууда билдирип, Конституциянын жаңы редакциясы тууралуу толук маалымат ала албаган эл кандай добуш берерине таң калган. Бул тууралуу 22-январда Жыпар Жекшеев билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG