Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Конституциянын жаңы редакциясынын дагы бир беренесине өзгөртүү киргизилет


2-февралга белгиленген жалпы элдик референдумга коюлуп жаткан Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясынын 16 беренесиндеги 9-пунктка да кошумча киргизүү каралууда. Ага ылайык ал пункттагы «ар бир адам сөз эркиндигине ээ» деген жобого «ар бир адам басма сөз эркиндигине ээ» деген кошумча киргизилмекчи. Бул тууралуу шаршембиде кабарлаган эксперттик топтун башчысы Чолпонкул Арабаев, «ар бир адам басма сөз эркиндигине ээ» деген жобо Конституциянын жаңы редакциясына техникалык себептерден улам кирбей калганын эскертип, «биз ошол мүчүлүштүктү оңдойлу деп чечтик», деп билдирди. Арабаевдин айтымында, оппозициянын талаптары менен мындан ары Конституциянын жаңы редакциясына кошумчалар жана өзгөртүүлөр киргизилбейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG