Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Белградга кысым жарашат


Югославия Америка кошмо штаттарына кайрылып, БУУнун согуш кылмышкерлери боюнча трибуналы талап кылган айыпкерлерди таап-кармоого көмөктөшүүнү өтүндү.
АКШнын согуш кылмышкерлери боюнча элчиси Ричард Проспер кечээ күнү согуш кылмышкери деп шектелген Босния сербдеринин мурдакы аскер башчысы Ратко Младич жана башка эки адам Гаагадагы трибуналга өткөрүлүп берилбесе, Вашингтон Югославияга финансылык жана башка жардамдарды берүү маселесин кайра карап көрөт деп эскерткен эле. Босния жана Хорватиядагы 1990- жылдардагы согуш учурунда кылмыш жасады деп күнөлөнүп жаткан үчөө Сербияда жашырынып жүрөт деген маалыматтар бар.
Югославия өткөн жылы АКШдан 40 миллион доллар жардам алган.

XS
SM
MD
LG