Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Иран Саддам Хуссейнди бийликтен кетирүүгө каршы


Иран коңшулаш Иракта Президент Саддам Хуссейндин режими кулатылып, анын ордуна тыш өлкөлөр каалаган өкмөттүн орнотулушуна макул эмес деп билдирди Ирандын тышкы иштер министри Камал Харази.
К. Харазинин сөзүнчө “тышкы күчтөр Ирактын ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербөө үчүн, коңшу өлкөлөр Иракка каршы согушту болтурбашы керек”.
К. Харзай эртең Ирак кризисин тынчтык жолу менен чечүүгө арналган Ыстамбул саммитине катышат.
Түркиянын демилгеси менен чакырылган жыйынга Сирия, Иордания, Сауд арабиясы жана Мисирдин тышкы иштер министрлери катышат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG