Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Түндүк Корея ядролук куралдуу болууну каалабайт


Түндүк жана Түштүк Корея ортосунда Сеулда жүрүп жаткан эки жактуу сүйлөшүүлөрү учурунда Түндүк Кореялык өкмөттүк делегация өлкөдө массалык кыргын салчу куралдарды жасоо ниети жок экенин билдирген. Бул жөнүндө “Түндүк Корея ядролук каруу жарактарды өнүктүрүү ниети жок экенине биздин көңүлүбүздү бурду” деп маалымдады Түштүк Кореянын өкүлү Ли Бон Жо (Rhee Bong-jo).
Түндүк Корея тарап, Корея республикасын Кошмо штаттарынан алыстатуу максатында, Корея жарым аралындагы согуш коркунучунун алдын алуу үчүн Сеул- Пхеньян ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө да чакырган.
Шейшемби күнү башталган Түндүк- Түштүк сүйлөшүүсү жума күнү аяктайт.
Коммунисттик Корея жакында Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимден чыкканын жарыя кылып, 1994- жылдан бери токтоп турган ядролук реакторун өндүрүштүк пайдаланууга даярдай баштаган.

XS
SM
MD
LG