Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:41

АНАЛХАКК КИМ БОЛГОН?


Кыргыз санжыраларында кыргыздардын байыркы тегине байланышкан түйүндүү маселелер менен кошо мындай уламыштык мазмун жанрына ылайык чаташкан, чар жайыт фактылар айтылып да, жазылып да жүрөт. Албетте, андайлардын адегендегиси жана көңүл буруп, маанисин аччулардын бири Аналхакк жана ага байланыштуу маселелер.

Кызыгы, кыргыз санжырачылары, ал түгүл «кырк кыз» жөнүндөгү уламышты жээриген Осмонаалы Сыдык уулу дагы Аналхакктын ким экендигин билип, ал кандайча келип кыргыз элинин баш бабаларынын бири болуп калгандыгына кызыгышкан эмес. Эгер биз кыргыз санжыраларын жанрдык мазумунуна жараша жалпылаштырып карасак, анда төмөндөгүдөй бөлүнүүнү байкайбыз. Биринчиден, «түпкү атабыз – Түрк» деген санжыралык багытта, кыргыздардын теги тарыхый эс-тутум маанисинде айтылып, кайсы бир заманда кыргыздардын түрк этностору менен туугандык мамиледе болуп, ич ара жуурулушуп кеткендигин кабарлайт. Экинчи багыт боюнча «кыргыздар кырк кыздан тараган» делип, анын бир бөлүнүшүндө Аналхакк эскерилет.

Колдо бар маалыматтарга караганда, кыязы, Аналхакктын кыргыз генеалогиясына киргизилиши XVI кылымдагы автор Сайф ад-Дин Ахсикентинин «Мажму ат-таварих» же «Тарых жыйнактары» кол жазмасына байланыштуу болсо керек. Кызыгы, «Мажму ат-таварихте» кыргыздардын Ак уул жана Куу уулу же оң жана сол канаттык бөлүнүштө тең Аналхакк баш бабалардын бири катары көрсөтүлөт.

Осмонаалы Сыдык уулунун «Муктасар тарых Кыргызиясы» менен «Тарых Шадмания» китептеринде «Кыргыздан Сафар шаа, андан Алхак. Андан Рашидилхак. Андан – Аналхак. Бул ысымдар арабдар менен жакын турганда коюлган» деп айтылат.

XIX кылымда Кыргызстанды кыдырган казак окумуштуусу Чокан Валиханов чогулткан санжырада, кыргыздардын жаралышына Мансур аттуу дервиштин салымы зор экендиги жана анын карындашы Халал же Аруу кыздын катышы туурасында кабарланат.

Андан кийин жазылган Абдыкерим Сыдыков менен Винниковдун илимий эмгектеринде, кыргыздар Аналхактан тарагандыгы жазылат. Мындай мазмундагы санжыра боюнча көөнө доордо Ша-Мансур менен анын карындашы Анал деген ыйык адамдар жашаган имиш. Алар көңүл ачып, шапар тээп, адам коомуна каршы келген иш жасады деген күнөө менен өлтүрүлгөн. Өлүм алдында Ша-Мансур «Анал-хак, Менам хак» же «Анал да акыйкат. Мен да акмын» деп айткан. Алардын сөөгү өрттөлүп, күлү хандын ак сарайына аккан сууга салынат. Суу жээгинде көңүл ачып жүргөн 40 кыз, суудагы «Аналхак, Менамхак» деп үн чыгарып келаткан көбүктөргө кызыгып колдорун тийгизишет. Ошондон кыздардын боюна бүтөт. Муну билген хан каарданып аларды ак сарайдан кууп салууга буйрук кылат. Калаадан чыккан 30 кыз «оңго», 10 кыз «солго» бөлүнөт. 40 кыз жалпы көз жарып, бир тобу – отуз уул, «оң» аталып, экинчи топ – он уул «сол» аталып калат.

Ошентип кийинки санжыралык маалыматтан Аналхак адамдын ысмы эмес, аны Ша-Мансур деген киши айткан сөз экендигин билдик.

Энциклопедиялык сөздүктөрдө жана диний китептерде «Анал-Хакк» «Мен Кудаймын», «Мен чындыкмын» деп которулуп, аны IX-X кылымдарда жашаган айтылуу суфий шейхи Мансур ал-Халлаж айткандыгы жазылат. Демек, «Ана-л-Хакк» аталышы эки сөздөн куралганын билсек болот. «Ана» - «мен» дегенди, ал эми «Хакк» - сөзү болсо, «анык», «чындык», «ак» деген маанини туюнтат. Орто кылымдагы «суфийлер» «Хакк» терминине «ал» артиклин кошуп, тактап айтканда «ал-Хакк» деп Алла-тааланы айтышкан.

Жалпылап айтканда, санжыраларда кездешкен «Аналхакктын» кыргыз элинин баш бабаларынын бири катары айтылышы, бир жагынан, бул сөздүн анык маанисинде, экинчиден, кыргыздардын тарыхый генеологиясына жооп бербейт. Ал эми «Ана-л-Хакк» деп ким айткандыгы жана анын кандайча кыргыз санжырасына кирип кеткендиги - өзүнчө терең талданчу маселе.
XS
SM
MD
LG