Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:03

Кыргызстандагы саясий кырдаал Тажикстанда талкууланды


Шаршемби күнү Тажикстандын борбор шаары Душанбеде конституциялык реформага байланыштуу Кыргызстанда түзүлгөн саясий кырдаалды талкуулаган эл аралык тегерек үстөл жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга эл аралык бир катар уюмдардын өкүлдөрү, Кыргызстандын, Тажикстандын белгилүү саясат таануучулары жана социолог-окумуштуулары катышты. Тегерек үстөл Азиядагы тынчтыкты камсыз кылуу боюнча эл аралык борбор тарабынан уюштурулду. Жыйындын катышуучулары Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформага колдоо билдирип, кыргыз элине кайрылуу кабыл алышты. Кайрылуу ээлери Аскар Акаевдин саясаты, республикадагы конституциялык реформа өлкөдөгү демократиянын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн билдиришкен. Бул тууралуу бейшемби күнү Тажикстандагы «Азия-плюс» маалымат агенттиги кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG